Акыркы макалалар

Нарында ВИЧ-инфекциясынын тез өсүп жатканы байкалууда

Нарын облусунда ВИЧ-инфекциясынын таралышы 2015-жылдын 6 айында интенсивдик көрсөткүч 100 000 калкка 33,8% түзүп, ылдыйкы деңгээлде турганы менен акыркы жылдарда ВИЧ-инфекциясынын тез өсүп жатканы байкалууда. Бул тууралуу облустук коллегияда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова билдирди.

Бүгүнкү күндө ВИЧ-инфекциясынын 93 учуру катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 25 ке көбөйгөн.

Катталгандардын 71и эркектер болсо 22 си аялдар жана алардын басымдуу бөлүгү 30 тан 40 жашка чейинки курактагылар.

Аталган оруну жуктуруу жыныстык жол менен 45 киши, паренталдык же таза эмес ийне сайынуудан 44 киши жуктуруп алган. Ошондой эле, бангилерди табууда Кочкор районунда, Нарын шаарында иштер солгундап, тиешелүү структуралар менен биргелешкен рейддер уюштурулбай келет.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...