Акыркы макалалар

Тайраңдап туруп тимеле, талант жок дейсиң кыргызда

Мына сага, кыргыз эли таланттуу десе ишенишпейт. Ишенбесеңер берегиден көрүп алгыла. Канадалык The Global Creativity Index 2015 изилдөө уюму дүйнө элдеринин талантын аныктаган рейтинг жарыялады. Рейтингге ылайык, Кыргызстан коңшулаш Кытайдан (87-орун), Тажикстандан (90-орун) жана Өзбекстандан (111-орун) озуп чыгып, аалам элдери боюнча 74-орунду ээледи.

Аталган рейтингде элдин талантынан тышкары, толеранттуулугу жана технологияны колдонуу деңгээли да эске алынган. Бул багытта Кыргызстан 139 мамлекеттин ичинен 111-орунга татыган. Рейтинг 2010-2014-жылдардагы маалыматтардын негизинде даярдалган.

Жалпы рейтинг боюнча биринчи ондукка Австралия, Исландия, АКШ, Финляндия, Сингапур, Дания, Словения, Жаңы Зеландия жана Швеция кирген. Россия аталган рейтингде 38-орунда турат. "Чыгармачыл жөндөм боюнча глобалдык индекс" рейтинги Бириккен Улуттар Уюмунун, Дүйнөлүк банктын жана башка эл аралык уюмдардын докладдарынын негизинде түзүлгөн. Анда ар бир мамлекеттеги толеранттуулук, технология жана элдин таланты эске алынат. Рейтингди Martin Prosperity институту (Торонто, Канада) түзөт.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...