Акыркы макалалар

Бөдөнө багып бизнес кылган Асилбек

Бөдөнө багып бизнес кылган Асилбек

Асилбек Тажибаев Баткендин Кызыл-Жол айылына биринчилерден болуп бөдөнө алып келип багып, аны көбөйтүп, ийгиликтүү бизнес кылып жаткан учуру. Бөдөнөнүн эти дагы, жумурткасы дагы пайдалуу, дарылык касиети бар экенин билгендер анын туруктуу кардарларына айланган.

- Бөдөнө багуу идеясы кайдан келди?

- Мен Бишкекке барып, бирөөнүн үйүнөн бөдөнө бакканын көрүп, кызыгып, багуунун сырларын сурадым. Колдон келе тургандай эле сезилди. Анан атайын керектүү аппаратты сатып алып, жумурткасын алып келип бастырдым. Былтыр Курман айт күнү биринчи жөжөлөр чыккан. Азыр эми ошону көбөйтүп жатам. Учурда бөдөнөмдүн саны миңден ашып калды. Улам көбөйтүп, бага турган жерди да чоңойтуп жатам.

- Кардарлар табылып жатабы анан?

- Күндүн ысыгына байланыштуу азыр кардарлар азыраак болуп калды. Ал эми кышкысын күндөгү жумурткалар күн сайын түгөнүп калып жатты. Айрымдар жумуртканы үйдөн келип сатып алышса, кээ бирлери базарга алып барганыбызда сатып алышат.

- Эмнеге бул жумурткага ашык болушат экен?

- Бөдөнөнүн жумурткасынын дарылык касиети көп экен. Айрыкча кан басымы нормалдуу эместерге, кант диабети менен ооругандарга, инсультка, гемоглобини аздарга аябай пайдалуу экен. Жумурткасы эле эмес, эти да аябай пайдалуу дешет. Баткендеги кафелер атайын заказ кылып, сойдуруп алып кетишет. Андан тамактарды жасашат экен. Эти сыныктын бүтөлүшүнө жакшы жардам берет. Жакындан бери бир киши келип, бөдөнөнүн өтүн жеп кетип жатат. Анткени ал бөйрөктөгү, өттөгү таштарды эритет экен.

- Буларды кандай тамактар менен багасыз?

- Арпа, буудай менен 8-9 түрдүү жем жасайм. Ѳзүм жасап жетишпей калган учурда Бишкектен, Оштон алып келем. Учурда бөдөнөнүн беш-алты түрү бар. Кээ бири тамакты аз жесе, кээ бири көп жейт.

- Бөдөнө кандай канаттуу экен? Кандай шартты жактырат?

- Кышкысын 20 градус жылуулукта кармаш керек. Күндүн суугунан улам өлүп калбайт, бирок жумуртка туубай коюшат. Ошондуктан алардын жылуулугуна өзгөчө кам көрөбүз.

Жогорку категориядагы дарыгер Осмон Саттаров: «Бөдөнөнүн жумурткасы бардык организмди дарылайт»

Бөдөнөнүн этинин, жумурткасынын дарылык касиети өтө көп. Башкача айтканда, универсалдуу дары. Анткени жумурткасы менен эти ашказан, боор, нерв системасын, деги эле бардык организмди дарылайт.

сөөк, тиш, тырмак жана чачтын саламаттыгын жакшыртат. Иммунитетти бекемдейт;

кант диабети жана бронхиалдык астмага жакшы жардам берет;

боор жана бөйрөктөрдү тазалайт;

ашказан менен ичегилердин иштөөсүн жакшыртат;

токсикозду жеңилдетет;

кан басымды калыбына келтирет.

Жумурткасын чийки бойдон ичүү керек

Ал үчүн бөдөнөнүн 2 даана жумурткасын эки ай бою эртең менен жана кечинде тамактанаардан мурда ичип туруу керек. Оор илдетке кабылгандар жумуртканы чийки 3 ай бою кабыл алуусу зарыл. Ал эми аталган канаттуунун жумурткасын сууга бышырып же кууруп жеген учурда дарылык касиети жоголот. Белгилей кетчү жагдай, бөдөнөлөрдү питомниктерде корозу менен кошо кармоо керек. Анткени корозунан өзүнчө бөлүнүп багылган бөдөнөлөрдүн жумурткасында дарылык касиети болбойт. Бул жумурткаларды жөн гана тамак, деликатес катары колдонууга болот.

Бөдөнөнүн өтү адамдын бөйрөгүндөгү, өтүндөгү таштарды эритип жок кылат

Ал эми бөдөнөнүн өтүнүн дарылык касиети өтө күчтүү. Анткени бул канаттуу майда таштарды, кумдарды чокулап жеген соң ал бөдөнөнүн ичинде эрип, андан жумурткасынын сырткы кабыгына айланат. Ошондуктан бөдөнөнүн эти адамдардын бөйрөгүндөгү, өтүндөгү таштарды эритип жок кыла алат. Ал үчүн нандын ичиндеги күкүмүнө бөдөнөнүн өтүн 20 жолу тамчылатып туруп күкүмдү жеш керек.

Муздаткычта сактоого болбойт

Эске алуучу жагдай, бөдөнөнүн жумурткасын муздаткычта сактаган туура эмес. Анткени адамдын денесинин орточо температурасы 37 градусту түзсө, бөдөнөнүн денесинин температурасы 47-50 градусту түзөт. Мындай учурда бул канаттуунун организминде бир да микроб жашай албайт. Ошондуктан жумурткасын ысык эмес салкын бөлмөгө сактоо жетиштүү.

Кызыктуу факт

Бөдөнөнүн жумурткасында тирозин көп болгондуктан, адамдын терисине бакубат түс берген пигмент калыптанат. Ошондуктан бөдөнөнүн жумурткасы косметикалык каражаттардын өнөр жайында колдонулат. Эң көп байырлаган аймактары катары – Европа, Азия жана Африка өлкөлөрү саналат.

Жумурткасынын курамы:

Витаминдер А, В1, В2, РР тооктун жумурткасына караганда 2 эсе көп. Минералдардан кальций, темир, фосфор, калий тооктун жумурткасына караганда 5 эсе көп. Амино кислоталар, тирозин, треонин, глицин, лизингдерге бай.

Акылбек Чынтемиров

Түп нускага шилтеме : pk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...