Акыркы макалалар

Алжирдин тургуну келинчегин боёгу жок тааныбай калганы үчүн сотко берди

Алжирдин тургуну үйлөнүү үлпөт тоюнан кийин өз келинчегин тааныбай калганы үчүн аны сотко берген деп жазат чет элдик ММКлардын бири.

Сотто келинчегин сотко берген өзүнүн келинчегин макияжы (бетке коюлган боёгу) жок тааныбай калганын айтып арызданган. Анын ою боюнча келинчеги аны алдап кетти жана моралдык жактан жабырланганы үчүн компенсация катары 20 миң доллар талап кылууда. Белгилүү болгондой, тойго чейин ал келечектеги келинчеги менен бир нече гана жолуккан жана ал боёнуп жүргөндүктөн сулуу жана жагымдуу көрүнгөн. Бирок тойдон кийин эртең менен келинчегин тааныбай калган.

«Алгач мен үйүмө ууру кирип кеттиби деп ойлодум...», - деп алжирлик мырза ою менен бөлүшкөн. Баса, сот бул ишти карамай болду.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...