Акыркы макалалар

Интернетти каптаган бүлгүнчүлөр

Интернетти каптаган бүлгүнчүлөр

Соңку мезгилде интернетте кыргызстандыктарга багытталган “Ислам мамлекети” сыяктуу радикал уюмдардын видео чакырыктары, халифат курууга үндөгөн маалымат, сүрөттөрү арбын жарыялана баштады.

Алардын акыркылары болуп 4-августта Facebook соцтармагында “Ислам мамлекети” террордук тобунун кара байрагынын алдында Бишкектеги Ак үйдүн, Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик туунун жана Кыргызстан Ислам университетинин алдында тартылган сүрөттөр жарыяланды.

Өткөн айда кыргызча сүйлөгөн адамдын жихадга чакырган видео кайрылуусу Youtube сайтында пайда болгон эле.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындай учурларда териштирүү, иликтөө иштери жүрүп жатканын айтуу менен гана чектелет.

Экстремизм менен радикализмдин интернетти каптап баратышы жалаң мамлекеттин эле эмес, жарандык коомдун да тынчын алууда.

Алардын айрымдары интернет аркылуу ислам радикализмине азгырууну идеология жана массалык маалымат каражаттары арылуу азайтуу мүмкүнчүлүгүн сунушташат.

Мыйзам аркылуу “тосмолоо”

Өкмөттүн эксперттер менен биргелешип түзгөн жумушчу тобу кыйладан бери экстремисттик сайттарды тосмолоо тууралуу мыйзам боюнча бир пикирге келише элек.

Өкмөт демилгелеп жаткан баштапкы “сайттарды сотсуз эле тосмолоо” мыйзамына жарандык коом каршы чыгып, “сайттарды сот аркылуу тосмолоо” өзгөртүүсүн сунушташууда.

“Интернет саясаты боюнча жарандык демилге” уюмунун башчысы, жумушчу топтун мүчөсү Татту Мамбеталиеванын айтуусунда, жалаң тосмолоо, тыюу салуу менен интернетте жайнаган экстремизмди жоготуш кыйын:

- Интеретте жазалоо ыкмасына карганда алдын алуу жолу натыйжалуу болгону турат. Себеби сайттарды жаап салуу менен бул маселе чечилбейт. Биз “Экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү" мыйзамына да өзгөртүүлөрдү киргизгени жатабыз. Ага ылайык техникалык уюштуруу ыкмасына, башкача айтканда, алдын алуу иштерине басым жасалат. Экстремизмге жана терроризмге каршы кандай гана механизмдерди иштеп чыкпайлы, ал дайыма каралып, өзгөрүп турушу керек. Бүгүн экстремисттер социалдык тармактарды активдүү колдонуп жаткан болсо, эртең башка аянтчага оошу мүмкүн.

Достук маанайдагы мамлекеттик идеология керек

Интернетти жабуу аркылуу негизги мазмунга таасир этүү мүмкүн эмес, деген пикирди кармангандардын катарында Kyrgyz kg соцтармагынын негиздөөчүсү Тынчтыкбек Кожобеков да бар.

Ал окурманы көп интернет сайттарын жана башка социалдык аккаунттарды мамлекет тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү көрсөтмөлөр камтылган достук маанайдагы эскертүү маалымат баракчаларын илүүнү милдеттендирүү зарыл деп эсептейт:

- Мамлекет тарабынан Кыргызстанга багытталган сайттарга с"из шектүү адамдар менен сүйлөшүп же сизге кандайдыр бир радикалдык нерселерди сунуштай баштаса, сиз бул телефондорго чалып же электрондук кат жазыңыз. Мамлекетте улуттук коопсуздукту чыңдаш үчүн жардам бериңиз" деген сунуштар элге байма-бай айтылыш керек, интернетте болсо ар бир провайдер сайттардын ээлери милдеткер болушу керек. Сайттардын башкы бетине алдын ала даярдалган флэш баннерлерди койдуруш керек. Мисалы, ооруп калса "Тез жардамга" чал, өрт учурунда бул жакка кайрыл сыяктуу эле бул жерде деле ошондой жардамчы кызматтар иштеши керек.

Акыркы эсептөөлөргө караганда, Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын саны 4 миллионго жеткен. 2009-жылы эле бул сан бир миллион болсо, беш жыл аралыгында ал үч миллионго өскөн.

Соңку эки жылда смарт телефондору аркылуу интернетке киргендердин саны да кескин көбөйдү. Алар кыргызстандыктардын 30% түзөт.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...