Акыркы макалалар

Пан Ги Мун: Биз климаттын өзгөрүүсүнө чекит коё турган алгачкы муун болушубуз мүмкүн

Пан Ги Мун: Биз климаттын өзгөрүүсүнө чекит коё турган алгачкы муун болушубуз мүмкүн

Бириккен улуттар уюмунун мүчөсү болгон 193 өлкө 2030-жылга чейин ачарчылык жана климаттын өзгөрүүсү менен болгон күрөшүүнү камтыган 17 пункттук максаттарда келишишти.

БУУ мүчөлөрү “2030 Өнүгүү стратегиясынын күн тартиби” аталышында 2030-жылга чейин дүйнөлүк ачарчылыкты жок кылуу, өлкөлөр, аймактар арасындагы теңсиздикти азайтуу, ачарчылыкты жок кылуу, климаттын өзгөрүүсүн алдын алуу, табиятты коргоо, экономикалык өнүгүү жана сапаттуу билим алкагында 17 пункттан турган келишим түзүлдү. Аталган максаттар Нью-Йоркто боло турган БУУ Генералдык Ассамблеясынын 1 жылдык жолугушуусунда өкмөт жана мамлекет башчыларынын катышуусунда макулдашуунун негизинде ишке ашырылат.

Жаңы пландар 2000-жылы кабыл алынган “Миң жылдык өнүгүү максаттарынын” уландысын камтыйт.

Миң жылдык өнүгүү максаттарынын акыркы отчетунда ачарчылыкты жок кылуу, кыздардын окутулуусу, СПИД сыяктуу жугуштуу ооруларды жок кылууда бир канча ийгиликтер болсо да кирешеге байланыштуу теңсиздик жана ачарчылык сыяктуу маанилүү маселелер дагы карала тургандыгы айтылган.

БУУнун башкы секретары Пан Ги Мун бул маселе боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйынында өлкөлөрдүн 3 жылдан бери 2015тен кийинки өнүгүү стратегиясы үчүн аракет кылып жаткандыгы мени кубандырды деди. Ошондой эле бул максаттар бүтүн инсандыкты жакырчылыктан, ачарчылыктан жана теңсиздиктен куткарууга жол түзөт деп айтты. “Биз глобалдык жакырчылыкты жок кылуучу жана климаттын өзгөрүүсү менен келе турган коркунучтарга чекит коё турган эң алгачкы муун болушубуз мүмкүн”, - деп кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...