Акыркы макалалар

Датка-Кемин линиясын 31-августка чейин толугу менен бүткөрүү пландалууда

Кечээ, 3-августта премьер-министр Темир Сариев TBEA компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Чжан Синди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Жолугушууда TBEA компаниясы Кыргызстанда ишке ашырып жаткан Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясы жана Бишкек жылуулук борборун модеринизациялоо долбоору боюнча талкууланды.

Премьер-министр TBEA компаниясы Кыргызстан үчүн абдан маанилүү долбоорлорду ишке ашырып жатканын белгилеп, аларды сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү зарылдыгын билдирди. Сариев Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын ушул жылдын 31-августуна чейин толугу менен бүткөрүп, ишке берүү керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Чжан Син мырза TBEA компаниясы Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр линиясын тартуу иштери аяктаганын, аны өз убагында ишке берилерин убада кылды. Ал эми ишкек жылуулук борборун модеринизациялоонун алкагында быйылкы жылдын октябр айына чейин борбордогу демонтаждоо бүткөрүлүп, курулуш иштери башталарын кабарлады.

Жолугушуу жүрүшүндө TBEA компаниясы менен башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун перспективалары да талкууланды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...