Акыркы макалалар

Кадыржан Батыровдун мүлкүн сатты делген адамдын иши каралууда

Эл аралык издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровго тиешелүү «Ал-Каб» жоопкерчилиги чектелген коомунун мүлкүн Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан камакка алынгандыгына карабастан, мыйзамсыз сатып жибергендиги үчүн Болот Дубанаев 2013-жылдын 1-мартында шаардык соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Бул тууралуу Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Алайбек Нургазиев маалымат жыйынында кабарлады. Анын айтымында, Б.Дубанаев өзүнүн эч кандай себеби жок азыркы учурда камакта убактылуу жаткандыгын, күнөөсү жоктугун айтып массалык маалымат каражаттарына билдирип жатат. Бирок, тилекке каршы жагдай ал айткандай эмес, ага карата КРнын кылмыш жана жаза кодексинин (КЖК) 335-беренесинин (тизмелөөгө же камап салууга алынган, же болбосо конфискациялануучу мүлккө карата мыйзамсыз аракеттер), 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, соттун өкүмү менен 2 айга убактылуу тергөө жайында кармалууда.

«Болот Дубанаев тарабынан буга чейин бир нече жолу мыйзам бузуу фактылары катталган. Белгилеп кетсек, 2000-жылы ал чет элдик жарандан опузалап, башкача айтканда зомбулук көрсөтөм деп, акча каражатын талап кылган. Бул факты боюнча КР Кылмыш жана жаза кодексинин 170-беренесинин негизинде соттолгон. Андан сырткары, 2008-жылы Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Б.Дубанаевдин үстүнөн КЖКнин 166-беренесинин-алдамчылык негизинде кылмыш иши козголуп, жоопко тартылган. Ошондой эле, 2011-жылы КРнын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан Б.Дубанаевдин үстүнөн терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү берген фактысы боюнча КЖКнин 228-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан соттолгон»,-дейт А.Нургазиев.

Мындан сырткары, Б.Дубанаевдин апасы Тамара Самсалиеванын үстүнөн 2011-жылы КР КЖКнин 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренесинин (кызматтык жасалмачылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Себеби, Сузак райондук жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнүн башчысы Т.Самсалиева өз кызматтык абалын башка бирөөлөрдүн пайдасына чечүү үчүн колдонуп, Кадыржан Батыров жана анын аялы Карамат Батырованын ортосундагы никени бузуу туурасында күбөлүктү мыйзамсыз жазып берген. Ошонун негизинде К.Батыровдун мүлкү башка бирөөлөрдүн атына өткөрүү үчүн шарт түзүлгөн. Азыркы убакта К.Батыров менен К.Батырованын ортосундагы нике бузуу туурасындагы күбөлүгү жараксыз деп табылып, алардын жарандык абалы өз калыбына келтирилген»,-деди А.Нургазиев.

АНАРХАН ЖАҢЫБАЕВА, ЖАЛАЛ-АБАД

29.03.2013

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...