Акыркы макалалар

Сариев: динге жамынып жат көрүнүштөрдү жасагандар катуу жазаланат

Сариев: динге жамынып жат көрүнүштөрдү жасагандар катуу жазаланат

Премьер-министр салттуу исламдын баалуулуктарын кармануу жана кыргыз элинин салт-санаа, үрп-адаттарына жат болгон көрүнүштөрдү динге жамынып таңуулоо аракетине каршы туруу зарылчылыгын айтты.

Диний радикалдашууга каршы биргеликте күрөш жүргүзүү зарыл экенин премьер-министр Темир Сариев өлкөдөгү диний кырдаал жана коопсуздук маселелерине арналган жумушчу жыйында билдирди.

Өкмөт башчы үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда террордук топтун Бишкектеги аракети Кыргызстандагы терроризмге жана диний радикализге каршы күрөш, коопсуздук, диний агартуу маселелерин кайрадан карап чыгып, бул жаатта ишти күчөтүүнү талап кылганын белгиледи.

"Буга чейин диний радикализмдин коркунучтары бизден алыстагыдай сезилсе, учурда өлкө коопсуздугуна коркунуч туудура баштады. Буга интернетте тарап жаткан ар кыл тасмалар мисал боло алат. Ошондуктан, мамлекеттик бардык органдар, коомчулук бул коркунучка каршы туруп, биргеликте күрөшүү абзел", — деди Сариев.

Муну менен катар премьер-министр салттуу исламдын баалуулуктарын кармануу жана кыргыз элинин салт-санаа, үрп-адаттарына жат болгон көрүнүштөрдү динге жамынып таңуулоо аракетине каршы туруу зарылчылыгын айтты.

Жыйын соңунда катышуучулардын бирдиктүү аракети менен жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, укук коргоо органдарына экстремисттик жана террористтик күчтөргө каршы күрөштү күчөтүү жана жазаларды катаалдантуу, мечиттерди курууда мамлекеттик каттоого алууну иретке келтирүү тапшырмасы коюлду.

Ошондой эле 2014-жылдын 14-ноябрында президенттин жарлыгы менен бекитилген диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча концепциянын аткарылышын карап чыгуу тапшырылды.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...