Акыркы макалалар

А.Кыдырмаев:“Заманбап жаңы биотехнологиялык ыкмаларды өздөштүрүп, малдын асыл-тукумдуулугун жогорулатабыз”

А.Кыдырмаев:“Заманбап жаңы биотехнологиялык ыкмаларды өздөштүрүп, малдын асыл-тукумдуулугун жогорулатабыз”

“Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун Мамлекеттик биотехникалык илимий борбору 2013-жылы уюшулган. Борбордун эң негизги максаты – дүйнө жүзүндөгү заманбап жаңы биотехнологиялык ыкмаларды өздөштүрүп, Кыргызстандын мал чарбасына, анын ичинен продуктуулугу жогору асыл тукум малдын породаларын чыгарып фермерлерге, дыйкан чарбаларына жайылтуу”-деп айтты “Кабар” агенттигине аталган борбордун директору, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Адашбек Кыдырмаев.

Анын айтымында, бүгүнкү шартта мал чарбасына жаңыча көз караш менен кароо абзел. Себеби бүткүл дүйнө жүзүндө мал чарбасында иштеп жаткан окумуштуулар малды - уйларды, кунажындарды өндүргүч букалардын уругун, хромосомун жыныска бөлүп уруктандырып, кардарлардын өтүнүчү менен ургаачы же эркек музоо алуу ыкмаларын колдонуп жатышат. “Мындай заманбап ыкмалар бизде да колдонулууда. Натыйжада, сүттү аз берген уйлар сүттүү уйларда пайда болгон түйүлдүктөрдү 9 ай көтөрүп жакшы тукум берет. Бул ыкма селекциялык иштерде тезирээк уйлардын сапатын жана санын көбөйткөнгө өбөлгө түзөт. Мына ушундай, жаңы ыкмаларды колдонуу менен республикада сүттү жана этти кескин түрдө көбөйтүүгө шарт түзүп, өндүрүшкө жайылтуу боюнча биздин биотехнологиялык борбор көмөктөш болмокчу.

Борборубузда биздин окумуштуулар чыгарган – ала-тоо сүт эт багытындагы өндүргүч букалар, кыргыз эт багытындагы абердин ангусс, четтен келген голштинфриз сүт багытындагы, герефорд, абердин-ангусс (кара жана кызгылт) түстөгү өндүргүч букалар өстүрүлүп алардан урук алып, тоңдурулуп, каалаган фермерлерге, дыйкан чарбаларына жайылтып жатабыз”-деди ал. “Биотехнологиялык борбор уюшулганынан бери республикабыздын бардык булуң-бурчтарына 70 миңден ашык доза урук сатылды, бул деген 50-60 миң асыл-тукум музоолор алынды дегенди билдирет. 2015-жылдан баштап кыргыз тоолуу меринос (Австралия) жана гиссар кочкорлорунан урук алып тоңдуруп жатабыз. Булардан алынып тоңдурулган уруктардын баалары, чет жактан алынып келинген уруктардан 3-4 эсе арзан жана сапаттуу. Биздин борбор 2013-2014 жылдары республикада 330 техник-осеменаторлорду даярдап сертификат берди. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттери бизге келип билим жана тажрыйба алып жатышат. КР Өкмөтү 2011-2015-жылдары Кыргызстанда асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын кабыл алган. Ушундан улам өлкө Президенти Алмазбек Атамбаев эл менен жолугушууда “Асыл тукум мал чарбаларын өнүктүрбөй туруп айыл чарбасын өнүктүрө албайбыз. Асыл тукум мал чарбачылыгынын өлкөнүн экономикасындагы мааниси зор” деп айткан.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...