Акыркы макалалар

Жылдыз Төлгөгө карап оорулардан сактаныңыз!

Жылдыз Төлгөгө карап оорулардан сактаныңыз!

Адамдын ден соолугун анын туулган күнүнө карап аныктаса болоорун окумуштуулар далилдешти.

Профессор Николас Татонетти (Nicholas P. Tatonetti )жана анын кесиптештери (Mary Regina Boland , Zachary Shahn , David Madigan , George Hripcsak, Колумбиянын Медицина университети) 1985-2013-жыл аралыгында дарыгерлердин кызматына кайрылган 2 миллион оорукчандардын медициналык картасын изилдеп, алардын кайсы оору менен көбүрөөк ооругандыгын себептерин көзөмөлгө алышкан. Жыйынтыгында: 1688 ар кандай кеселдердин көпчүлүгү атайын аныкталган адамдардын Жылдыз белгилерине тиешелүү болгону байкалган. Тагыраагы, адамдын туулган айы анын кайсы оору менен көбүрөөк жабыркаарын аныктай алат.

Статистика тастыктайт: атайын Жылдыз белгилерине “жакын” оорулар бар.

Мындай ачылууларын медиктер атайын The Journal of the American Medical Informatics Association журналында жарыялашты.

Ошентип: эң оорукчандар же оорулардын түрүнө жакындар октябрь жана ноябрь айларында төрөлүшөт (Бул Жылдыз белгисиндегилер дарыгерлерге көп кайрылгандар). Ден соолугу чыңдар жана ар түркүн илдеттерди тоготпогондор булар -- май, август айындагылар. Статистика да муну далилдейт.

Ал эми айлары аныкталган ооруларга жакын статистикалык белгилүү Жылдыз белгилери булар:

Текечер (22-декабрдан 20-январга чейин): кардиомиопатия, гипертония, жаракат, отит оорулары бул белгидегилерге көп жабышат.

Суу куйгуч (21-январдан 19-февралга чейин): гипертония, бронхит, гастрит.

Балык (20-февралдан 20-мартка чейин): простатит, клапан, жүрөк оорулары, атеросклероз.

Кой (21-марттан 20-апрелге чейин): ангина, жүрөк оорулары, өнөкөт кан оорулары, тагыраагы, ар кандай жаман бактерияларга туруштук бере албоо.

Букачар (21-апрелден 21-майга чейин): вирустук жана бактериялык инфекцияларга: грипп жана суук тийген ооруларга туруштук бере албоо, иммунитеттин өтө алсыздыгы.

Эгиздер (22-майдан 21-июнга чейин): астма, жыныстык жактан жугуучу оорулар.

Бөйөн (22 июня - 23 июля): диарея жана суук тийген ооруларга байланышы жок, вагиналдык жактан бузулган оорулар.

Арстан (24 июля - 23 августа): конъюнктивит.

Бийкеч (24-августтан 23-сентябрга чейин): бронхит, отит, лихорадка, астма, баш айлануу, жүрөк айлануу, психикалык бузулуулар, неврологиялык ооруулар, бойго бүткүн маалдагы ар кандай күчөп кеткен өнөкөт оорулардын жанданышы.

Тараза (24-сентябрдан 23 –октябрга чейин): Бронхит, фарингит, жүрөк-кан тамыр оорулары, дем алуу органдарынын инфекция оорулары, чымын-чиркейлерге талануу, простатит, вирус жана жыныстык жактан жугуучу оорулар, тамак сиңирүү проблемалары, көз оорулары (көрбөй калуу коркунучтары).

Чаян (24-октябрдан 22-ноябрга чейин):вирустук инфекциялары, нерв, эс тутум оорулары, бойго бүтүрүү проблемалары, баңги затка бат берилүү, вагиналдык бузулуулар, диарея, тонзиллит, эс тутум жана окууга болгон жөндөмдүн жоктугу, бронхит.

Жаачы (23-ноябрдан 21-декабрга чейин): травма, колит.

Медиктер бул анализдерди негизинен Нью-Йорктун медициналык картасын колдонуу менен жасашкан. Бир чети алар бул закон ченемдүүлүк - башка жерлерде да кеңири таралган болушу мүмкүн дешет. Тагыраагы адамдын туулган айы менен оорулардын байланышынын аныкталышы бардык жерде универсалдуу. Азырынча ал Түндүк жарым шаарына сөзсүз таандык. Бул маселени изилдөөчү топтун жетекчиси Николас Титонеттинин айтымында, аналогдук статистикалык жыйынтыктарга анын кесиптештери Австрия, Швеция жана Данияда бул маселенин иликтөөдө ээ болушкан. Ошого карабай, профессор Жылдыз белги адамдын кайсы өлкөдө жашабасын ден соолугуна кандай таасир берерин, жогоруда көрсөткөн далилдер чынында эле жалпы ааламда чын чыгаар-чыкпасын тастыкташ үчүн жумушун улантууну пландайт. Бул чынында илимий жактан эле эмес, көпчүлүк үчүн жаңы, кызыктуу ачылыш болуп, кызуу талкууну жаратып жаткандыктан, ишти улантуу -- ошого татыктуу деп ойлойт ал.

Кайсы ооруларды алдын алып, эмнеден коркуп, эмнеге кам көрүү керектигин билүү жана диагностиканы аныктоо билими, - бул адамдын жашоосуң жеңилдетет деп ишенишет изилдөөчүлөр.

А мүмкүн, адамдын жеке өзгөчөлүктөрү анын Жылдыз белгисине көз каранды болуп жүрбөсүн? Бул суроого жооп берген америкалык психолог Марк Гамильтонири масштабдуу изилдөө жасап, ар бир үчүнчү адам бекеринен астрологияга ишенбээрин аныктаган.

Көпчүлүк генийлер кыш айында төрөлүшкөн

Көрсө, Жылдыз белгиге карап адамдын мүнөзүн аныктоо чынында эле туура нерсе экен. Аны аныктоо үчүн Гамильтон 300дөн ашык маданият, илим, саясат өкүлдөрүнүн туулган күндөрүн, алардын коомдогу ордун, негизи жөндөмдүүлүктөрүн, мүнөздөрүн изилдеп чыккан.

Натыйжада көптөгөн белгилүү адамдар Жаачы, Текечер, Суукуйду, Балык жана Кой Жылдыз белгисиндегилер болушкан. Ошондой эле аларды астрологдор ишенимдүү кыялкечтер жана креативдүүлөр деп аташат. Анан да өзгөчө типтеги адамдар Букачарлардын, Арстандардын жана Чаяндардын арасында көп кездешет. Окумуштуу, астрологдорго толук ишенип алуунун кажети жок деп айтат, бирок анын ушундай жагдайларын эске алып баа берүүдө колдонсо болот дейт. Статистикалык жактан карасак, көпчүлүк дал ушул Жылдыз белгилерге карап адамдардын мүнөзүн аныктаганга аракет кылышат.

Чынында эле дүйнөлүк практика көрсөткөндөй зээндүү жана таланттуу адамдар кыш айларында төрөлүшкөн.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...