Акыркы макалалар

Кыргыз тажик чек ара тосотторунун башчылары бирге окутулду


Кыргыз тажик чек ара тосотторунун башчылары бирге окутулду

Окутуу 11-июль күнү Баткен районундагы Эки-Таш аймагында өттү. Биргелешкен окуунун алкагында Баткен жана Исфара аймактарындагы чек ара тосотторунун башчылары, мамлекеттик чек арада чегинде чыр-чатактарга жол бербөө чараларын, кырдаал курчуган шартта биргелешип аракеттенүү жана чыр-чатактарды курал колдонбой жөнгө салуунун ыкмаларын үйрөнүштү.

Окууларды Баткен жана Исфара аймактык чек ара кызматтарынын башчылары өткөрүштү. Ошондой эле окуу алкагында чек арачылар тажрыйбалык ыкмаларды чек аранын татаал тилкелерине барып аткарышты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен обусундагы башкармалыгынын башчысы Уларбек Шаршеевдин айтымында мындай окуулар кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактарды азайтууга жана чек ара тилкесиндеги абалды турукташтырууга зор салым кошот.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...