Акыркы макалалар

Замир Мукашев: Биздин жылкыларда кылымдаган эмгектер бар

Замир Мукашев: Биздин жылкыларда кылымдаган эмгектер бар

Азаматтын жакшысы бирде - мырза, бирде – кул. Аргымактын куйругу бирде - жибек, бирде - кыл деп айтылган. Ат жаныбары кайраты, талбастыгы менен өзгөчөлөнөт. Мына ушул асыл тукум күлүктөрү менен атагы чыгып жаткан “Элдияр” жылкы заводунун жетекчиси Замир Мукашев жылкы жаныбары тууралуу маек куруп берди.

- Алгачкы сөздү атка кандайча кызыгып, бул ишти кантип аркалап калганыңыздан баштасак.

- Атка кызыгып калышыма ата-энемдин малчы болгондугу таасир берди десем болот. Атам Мукаш атка өтө аяр мамиле жасап, ат жабдыктарын майлап-көктөп, атты сылап-сыйпап минчү. Өзүм дагы кесибим боюнча ветеринар врач болгондуктан, окууну бүтүп келип, кесибим менен иштеп жүрдүм. Кийин чарбага келип, жетекчи болуп калдым. 1988-жылдары чарбага алгачкы күлүктөрүбүз Замана деген байтал, Орёл деген жорго келип, экөө бир чоң тойдо аламан байге утуп алышты. Ошентип бул ишке кызыгып отуруп, чарбада атайын бөлүм уюштуруп жылкыларды топтой баштадык. Улам илгерилеп отуруп, бара-бара тажрыйба топтоп, Кыргызстан, Казакстандагы ат чабыштарга барып жүрүп, бул ишке аралашып кеттик.Ошентип отуруп «Элдияр» деген менчик жылкы заводу деген макам алдык. Бул макам мамилекет тарабынан көптөгөн критерийлер боюнча каралат. Атайын комиссия тукумдун сапаты, көлөмү, жетишкендиктери, кадрлары боюнча баалап, анан өкмөттөн токтом чыгат. Жорго боюнча мелдештер карачай, моңгол, түрк, татарларда бар экен. Бирок эң негизгиси, казак менен кыргызда жорго чабыш абдан өнүккөн. Мелдештерде биздин жорголордун 80%ы жеңишке жетет. Менимче, биз бул тармакта лидер боло алдык. Казакстан, Кыргызстанда бизден иштеп тажрыйба топтоп кеткен балдар көп жүрөт. Алар жакшы ийгиликтерге жетишип жатышат, башкача айтканда, биз бул жаатта мектеп да болуп калдык десем болот.

- Жорго салыштын ой-кырлары тууралуу эмнелерди айтып бере аласыз?

- Жорго чабыш күлүк чапкандан кыйла татаалыраак болот. Себеби атты биринчи жоргосун чыгарып, жаңылтпас кылып үйрөтүштүн өзү татаал. Сөзсүз ээрге чиренип, тизгинди бирдей кармап, ээрге үзөңгүлөп отуруп, бир калыпта башкарбаса, жаңылып кетсе, жарыштан чыгып калат. Ошондуктан тажрыйбалуу чабандес керек. Жорго чеберчиликти жана эмгекти талап кылат.

- Саяпкери жарашса, күлүктөн күлүк чыгат эмеспи! Саяпкерлердин жумуш өзгөчөлүктөрү туурасында кеп учугун уласак.

- Саяпкерлик - бул чоң эмгекти, интуиция жана алдын ала көрө билгендикти, изденүүчүлүктү талап кылат. Азыр атаандаштык аябай өстү. Бир жыл ичинде кеминде 25 ат чабышка катышабыз. Иш бир токтоп, изденбей манчыркап, тукумун жакшыртпай калса, багуусунан кетирсе, даярдоо методикасынан жаңылса сөзсүз утулуш болот. Ошон үчүн бул кесип түн уйкудан калтырат, саяпкер уктап атып деле кулагы жылкы жакта болот. Жорго таптоо изденүүнү көп талап кылат. Жылкыны жакшы формага келтирип чаап жеңишке жетиш, ошону кармаш татаал нерсе. Жылкы 3 ай гана жакшы формасын сактап турат. Жаздан баштап күзгө чейин жакшы формада туруш бул өзү өтө чоң чыгармачылыкты, талантты, билгичтикти талап кылат. Жанагындай көп жылдык тажрыйбанын негизинде кээде илимий нерселерди колдонобуз, чогуу иштешебиз.

Кулун бээнин курсагындагы кезде эле жакшы багылышы керек

Жылкы жеңишке жетүүсү үчүн мен 4-5 шартты бөлүп көрсөтөөр элем, эң биринчи шарт, жылкы заводдун же ферманын климаттык жер шарты. Мисалы, биздин шарт орто деңгээлде, башкача айтканда, өтө бийик да эмес, төмөн да эмес. Илимий тил менен айтканда, гипоксия деп коёт, кычкылтектин бир аз жетишпей турган учуру. Биздин шартыбызда көл бар, кумдуу жерлерибиз бар, тоолорубуз бар, атайын чуркай турган каттамдарыбыз бар. Экинчиси, жылкынын тукумунун ата-теги мыкты болуп, эне жактан да, ата жактан да генефонд күчтүү болушу керек. Илгеркидей жылкы экен деп эле тышкы кебетесине карап чаба берүү калып калган. Биздин жылкылардын өзүндө кылымдаган эмгектер бар. Мисалы үчүн, америкалык стандарт бред пародасынын тукуму Англиядан башталып, Америкадагы заводдордогу сыноолордон өтүп, ыкчамдыкка тарбияланып, селекция жүргүзүп отуруп паспорт алышат. Интернеттен эл аралык деңгээлдеги макамга жеткен жылкылардын ар биринин тукумунун 7 эмес, 17-20 атасына чейин таап алса болот. Үчүнчүсү - бул багуу. Жакшы изденип, ар түрдүү микроэлементтер, витаминдер жана энергетикалык тоюттар менен жылкыны азыктандыруу керек. Илгертен эле ата-бабаларыбыз ушинтип багып келген. Кулун бээнин курсагындагы кезде эле жакшы багылышы керек. Такай тердеп отуруп, тер менен көп нерсе чыгып кетет, ошону толуктап туруш керек. Ат сарайдын ичинде жарыктын болушу, кургактыгы, желдетүүсү деген толгон шарттары бар.

Саяпкерлердин уйкудан калып, жылкынын жанына жаткан күндөрү болот

Төртүнчү жана эң негизги шарттардын бири - саяпкерлердин даярдоо методикасы. Баары эле меники туура деп ойлойт, бирок анын ичинен жаңылгандар көп. Жогоруда айтып өткөндөй, жылкыны формага келтирүү, аны мезгил боюнча кармай билүү зарыл. Жылкыны бир эле мезгилде ыкчамдыкка дагы, чыдамкайлыкка дагы, анан топ менен жүргөнгө дагы үйрөтүү керек. Жылкынын нерв системасын да туура эсепке албасак, булар дагы адам сыяктуу эле меланхолик, холерик, сангвиник, флегматик сыяктуу 4 кө бөлүнөт. Ар бир жылкынын нерв системасын, анын мүнөзүн, жөндөмүн, начар жактарын эске алып даярдоо керек. Ар бирин өзүнчө жеке даярдабаса, шаблон менен даярдоо жылкылардын бирине туура келсе, бирине туура келбей калат. Даярдоонун да жумалык, айлык, мезгилдик программалары болуш керек. Ошого жараша формага келтирип, анан чабышка даярдаш керек. Бул өтө эмгекти талап кылат, саяпкерлер уйкудан калган, жылкынын жанына жаткан күндөр болот. Мында саяпкердин ролу өтө чоң. Эгерде саяпкердин билими жетишпесе, жылкыны бир жерден өксүк кылып койсо, даяр атты тапка келтире албай калышы мүмкүн. 2 жашынан баштап мелдеш башталат. Атты биринчи жылы иштетүү эң оор мезгил болуп саналат. Бул - тарбия. Тарбияга көп нерсе кирет. Тизгинди сезе билишүү, ээрге үйрөтүү, анын нерв системасын эске алып даярдоо, тоют жегенди үйрөтүү, такалап үйрөтүү, атка аралаштыруу, ар кайсы шаан-шөкөттөргө катыштыруу.

Башка чапкандан жылкы бүт баарын жоготот, камчылай берип жылкыны сындыргандар көп

Кээ бир аттардын нерви жука, өтө сезимтал болот. Жалгыз кезде жакшы жүрө берет да, чабыштарга барганда жалтыр-жултур, ызы-чуу, музыка, элдин көптүгүнө чыдабай, ошол жерден нерви тынчтанбаган аттар болот. Мындай аттар мелдешке чейин эле такыр алсырап тердеп калат. Анан кээ бир нерви калың аттар болот. Баарына көнөт. Жылкыны бир жерден экинчи жерге ташуу да татаал нерсе. Тиешелүү ташып жүрүүчүсү болушу керек. Жылкыга акырын, сылык-сыпайы мамиле кылуу керек. Айрымдар жылкы өзү кыйналып баратса, башка-көзгө чапкылайт, башка чапкандан кийин ал жылкы бүт баарын жоготот. Камчыны абдан зарыл учурда гана акырын-акырындан чаппаса, камчылай берип жылкыны сындырып салгандар көп болот. Бешинчиси, жылкыны чапкан бала. Бала ошол күнү өзүнүн атынын мүмкүнчүлүгүн, чабыштын ыкчамдыгын эске алуу керек. Кээде жайыраак чабыш болуп калат, кээде жан талаштырган аябай катуу атаандаштык, эрегишүү болот. Потенциалдуу фаворит башка атаандаштардын жүрүп бара аткандагы дем алуусуна, бут ташташына, аттын акыбалына чейин байкай билиши керек. Чабыштын ичинде бири-биринин жолун торомой, камчы менен чапмай, бири-бири менен биргелешип алып чыга турган аттарды камчылап чыгарбай коймой деген көп тактикалык кыйынчылыктар бар. Ошолордун баарын кичинекей балдарга түшүндүрүп даярдоо өзүнчө бир татаал нерсе. Ушул 5 нерсе толук болгон күнү гана ат чыгат. Ушулардын баарын эске алып туруп, жарышка ушундай даярдык менен баруу керек. Мындан тышкары мунун дагы көптөгөн сырлары бар, ар бир саяпкердин өзүнүн дагы сырлары болот. Бул узун мөөнөттүү эмгек. Бир атты чыгарыш үчүн аны тандап, бээни айгырга кошкондон баштап, жок дегенде кеминде 3-4 жыл керектелет. Анан ат өзүнүн потенциалын көрсөткүчө 10 жылдай убакыт өтөт. Бул жылдар ичи майрам, дем алыш деген нерселер унутулат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...