Акыркы макалалар

Бишкекте борбордук мечиттин ордуна 7 миң кишилик жаңы мечит курулат

Бишкекте борбордук мечиттин ордуна 7 миң кишилик жаңы мечит курулат

Бишкекте борбордук мечиттин ордуна 2 мунаралуу жаңы мечит курулат. Бул тууралуу "ВБ"га муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери арабтардын "Ихсан хойрия" кайрымдуулук фондунун колдоосу астында жүргүзүлөт. Долбоорго ылайык жаңы мечит 7 миң адамга ылайыкташтырылып салынат. Мечит эки кабаттан жана 40 метр болгон эки мунарадан турат.

"Биринчи кабаттын бийиктиги 7 метр. Андан тышкары мечиттин жанына автоунаа токтотуучу жай салуу пландалууда. Куурулуш иштерин Аравиянын компаниясы жүргүзөт", - деп маалымдайт муфтияттан.

Сүрөттө жаңы курулуш иштери жүргүзүлгөндөн кийинки мечиттин көрүнүшү тартылган. Эскерте кетсек, учурда азыркы мечиттин чоң залына 600 киши батат. Жалпы жонунан миңге чейин адам жайгаштырса болот.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...