Акыркы макалалар

"Google" компаниясында иштеген Aкжол; «КЫРГЫЗСТАНДА 1990-ЖЫЛДАРДАГЫ ЖАРНАМА ТЕХНОЛОГИЯСЫ КОЛДОНУЛАТ»

"Google" компаниясында иштеген Aкжол; «КЫРГЫЗСТАНДА 1990-ЖЫЛДАРДАГЫ ЖАРНАМА ТЕХНОЛОГИЯСЫ КОЛДОНУЛАТ»

«Жаңы технология кусалыкты азайтат, бирок...»

- Акжол алгач Кыргызстанда өтүп жаткан эс алууңуз тууралуу сөз кылсак, кандай маанайда өтүп жатат?

- Мен Кыргызстанга келип, өз элимди, жеримди, туугандарымды, досторумду көргөнүмө кубанычтамын. Чет өлкөдөн келерим менен айылга ата-энемдикине бардым. Жалпылап айтканда, Кыргызстандагы эс алуум жакшы маанайда өтүп жатат.

- Кыргызстанга канча убакыттан бери келе элексиз?

- Кыргызстанга эки жылда бир келип турам. Акыркысы 2013-жылы дал ушул убакта келдим эле.

- Чет өлкөдө жүргөндө мекенге болгон кусалык сөзсүз түрдө болот. Ошончо убакыттан бери Кыргызстанга келе элек болсоңуз, демек аябай эле сагынсаңыз керек.

- Албетте сагынабыз. Кусалык болот дегендей. Азыр ал кусалыкты азайта турган радиолор бар, интернеттен кыргыз ырларын угуп, кинолорун көрөбүз. Скайп менен туугандар, достор менен сүйлөшүп турабыз. Ошолор кичине кусалыкты азайтат. Бирок ошондой болсо деле достор менен, туугандар, ата-эне менен баарлашып отуруп, күндө көрүп же балдарыңды, кыздарыңды чоң ата, чоң энеси, таята, тайенесиникине жиберип, катташтырып турган сыяктуу нерселер жетишпейт. Бирок жаңы технология ошолорду азайтканга аракет кылат, бирок бары бир ордун баса албайт деп ойлойм.

«Кыргызстандын жол эрежесине көнүү кыйын болду...»

- Америкага көнүп калдыңызбы?

- Ооба, Америкага деле көнүп калдым. Чыныгы көчмөндөрдөй болуп, 10 жылдан ашып калды ар кайсы өлкөгө көчүп жүрө берип, жаңы жерге бат эле көнө турган болуп калдым.

- Кыргызстанда жүргөндө кыйналган жоксузбу? Ал жакта шарттары башка да баары бир.

- Албетте, шарттары башкача. Бирок ушул жерде чоңойгонубуз үчүн кыйналбай, кайра бат эле көнүп кетебиз. Бир гана балдарымдын, кыздарымдын көнүп кетиши бир аз убакыт алды. Алар азыркыга чейин билбеген нерселерин билип үйрөнүп жатышат дагы деле. Көнүп кетүүгө убакыт талап кылган дагы бир нерсе – бул жол эрежеси экен. Анткени бул жерде жол эрежесине эч ким көңүл бурбайт экен.

- Жол эрежеси боюнча Кыргызстан менен Американын кандай айырмачылыктары бар экен?

- Америкада жолдордун барында линия болот. Ар ким өзүнүн линиясында жүрөт. Жол эрежеси 100 пайыз сакталат деп эсептейм. Анан ал жерде жол белгилери ар бир жерде көрүнүп турат. Кыргызстанда ылдамдыкты издей берип кыйналдым. Жолдо кетип баратып, бул жерде канча менен айдаш керек эле деп ойлонуп калат экенсиң. Көрсө шаарда көп айдагандар эле билет турбайбы. Жаңы келген айдоочуларга кыйын болот тура.

- Америкада эң аз ылдамдык канча?

- Америкада миль болуп эсептелет. 1 миль 1600 метр болуп калат. Ошондо эң аз ылдамдык кичинекей шаарларда же адам көп болгон жерлерде 25 миль / 40-50. А трассаларда кээ бир жерде 85 милге / 120 км/с чейин чыгат.

««Microsoft» менен «Google» компанияларында иштөө, эс алуу тартиби окшош эле...»

- Сиз бир нече жылдардан бери дүйнөдөгү ири компанияларда иштеп жатканыңызды билебиз. Ал жакта иштөө жана ошол эле учурда эс алуу тартиптери кандай?

- 0оба, мен алгач «Microsoft» компаниясында иштедим. Бир жылдан бери «Google» компаниясында иштеп жатам. Чоң компаниялардын иштөө, эс алуу тартиби бири-бирине окшош эле. Ошон үчүн бул айткан сөзүм жогоруда айтылган компанияларга тиешелүү. Ал жакта иштөө сааты деген түшүнүк жок. Долбоор алганда аны бүтүрүш керек болот. Жумушка өз каалаганыңда барып кетсең болот. Кээде барбай эле, үйдөн иштесең болот же иштегим келбей жатат десең деле болот. Ал эми эс алуу тууралуу айта турган болсок, жумуштагы коллегалардын арасындагы ынтымакты чыңдаш максатында ай сайын же эки айда бир түрдүү иш-чаралар уюштурулуп турат. Башка шаарларга барып оюн-зоок, кечелерге күбө болуп турабыз. Кызматкерлер бири-бирин таанып, ынтымактуу болушуна көп көңүл бурулат.

«Кыргызстанда 1990-жылдарда колдонулган жарнама технологиясы колдонулат...»

- «Microsoft» компаниясынын онлайн жарнама бөлүмүндө инженер-программист болуп иштеп калдыңыз. Тажрыйбалуу кызматкер катары айтсаңыз, компаниянын онлайн жарнама бөлүмүнүн адамдарга берген таасири канчалык?

- Ооба, онлайн жарнама бөлүмүндө 3,5 жылдай иштеп калдым. Биздин негизги максат адамдарга кызыктуу жарнама көргөзгөнгө аракет кылуу болчу. Мисалы, бир кинонун трейлери чыкса ошону адамдар аябай кызыгып көрөт. Мындай карап көргөндө ал деле реклама. Мүмкүн болушунча трейлерге жакын, сиздин кызыгууңузга, сиздин азыркы учурдагы керектөөңүзгө жараша жарнама көргөзүү максатында катуу иштедик. Көп жарнамалар ар тараптан чыгып адамдардын жинине тийет. Бирок биз ошонун сапатын жакшыртып, трейлер сыяктуу эле адамдарды кызыктыра турган жарнамаларды көргөзгөнгө аракет кылдык.

- Негизи Кыргызстанда жарнама тармагы анчейин өнүккөн эмес. Буга карата сиздин сөзсүз түрдө пикириңиз болсо керек. Эмнеден улам мындай деп ойлойсуз?

- Мен Кыргызстандын көбүнчө онлайн жарнама жактарына көңүл бурам. Мисалы “Акипресс”, “24.kg" сыяктуу сайттарга кирип, жарнамаларды карап турам. Технология жактан аябай эле артта калганбыз. Биз дагы деле 1990-жылдарда колдонулган жарнама технологиясын колдонобуз. Мисалы сиз Акипресске киргенде өзүңүздүн кызыкчылыгыңызга жараша жарнама чыкса жарнама бергендерге да, ошол сайтка да, сизге да көбүрөөк пайдалуу болмок. Бир эркек сайтка кирип окуп жатса, ага аялдардын ооз боёгучунун рекламасын көргөзгөндүн эч пайдасы жок. Жарнама берген кишинин акчасы кетет, сизге деле кызыксыз. Ошол технология жактан аябай артта калганбыз. Муну акыркы технологияларга өткөрүү керек. Эмне үчүн өткөрүлбөй жатканы белгисиз. Балким адистердин жетишсиздигиби же онлайн жарнамага көп көңүл бурулбагандыгыбы, так билбейм.

«Кыргызстанда онлайн жарнама өнүкпөй жатат...»

- Ушул тууралуу эки жыл мурун маек бергем деп калбадыңызбы. Ошондо да дал ушул нерселерди айттыңыз беле, же эки жылдын ичинде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуптурбу? Балким бир аз да болсо өнүгүү болгон чыгаар...

- Акыркы эки жылдын ичинде онлайн жарнама тарабында көп деле өзгөрүү көргөн жокмун. Эки жыл мурдагыдай эле турат десем жаңылышпайм.

- Негизи эле АКШ элине жарнамалардын таасири кандай? Ар нерсени рекламадан көрүп ала беришеби?

- Жарнаманын канчалык эффективдүү же эффективдүү эмес экени көпкө чейин талкууланып келген. Так эч ким айта албайт. Бирок жарнаманын да түрлөрү бар. Мисалы мен “Nike” бут кийимин көргөзсөм ошону барып алыш керек эмес. Бул ошол брендди таанытуу болуп эсептелет. А эгерде башка эле бир фирма келип бут кийим сатып алса, жанында “Nike” турса ошону алат. Себеби балким эки жыл мурун бир жерден ошонун рекламасын көргөн. Ошон үчүн көргөзүлгөн жарнаманын таасирин азыр айтуу кыйын. Бирок таасири болгондугу үчүн жылына миллиарддаган акчаны коротуп жатышат.

«Америкада тааныш-билиш, шанс деген нерсе жок...»

- Дүйнөгө таанымал болуш үчүн эмнегедир көпчүлүк адамдар Американы тандашат. Мисалы жылдыздар болсун, чоң компаниялар болобу көпчүлүгү ошол жакка ыкташат. Мунун себеби эмне деп ойлойсуз?

- Америкада жашагандан бери бир нерсе байкадым, ал жакта ар ким өзүнүн тырышкандыгынa, аракетине жараша ийгиликке жетет экен. Тааныш-билиш, шанс деген нерсе жок. Мамлекет тарабынан тоскоолдук да жок. Ошон үчүн ошондой болсо керек деп ойлойм. “Американская мечта” деп айтып коюшат го. Ал жерге барып мигрант болуп жүрсө деле чоң ийгиликтерге жетиши мүмкүн. Балким ошон үчүн фирмалар же жылдыздар Америкага умтулушат. Себеби, ал жерде башта мен белгилеп кеткендей, өз аракетине жараша ийгиликке жетишет. Мисалы “WhatsApp”тын куруучусу тамагына акча жок талон менен кезекте туруп жүргөн эле эмигрант болчу. Азыр кандай деген миллиардер болду.

- Кыргызстанда жумшалган эмгек 1 деп бааланса, бул Америкада 10 деп бааланат. Сиз иштеген компанияда адамдын жасаган эмгегине болгон баа кандай?

- Адамдын эмгеги аябай бааланат. Өзгөчө инженерлердин убагы, эмгеги. Бирок эмгек жөнүндө сөз кыла турган болсок, Америкада элдер чындап көп иштешет экен. Ал жактын эли аябай тырышчаак келет. Кечке иштешет. Көрсө ийгиликке ошон үчүн жетишет экен. Америкада төрөлүп калып эле ийгиликке жетишет деген нерсе жок. Анын артында көптөгөн эмгек болот экен. Бул жогоруда айткан нерселердин баары бир эле кыргыздарга гана тиешелүү эмес. Мен Россияда, Турцияда, Канадада жашап көрдүм. Мен көрүп-билген өлкөлөргө салыштырып айттым.

««Google»дын кыргыз тилинде иштеген программалары бар...»

- «Microsoft» компаниясынан «Google» компаниясына өткөнүңүздүн эң негизги себеби эмне болду?

- Жумуш которуумдун көптөгөн себептери бар болчу. Мен онлайн жарнама тармагында 3,5 жыл иштедим. Ал жерден аябай көп нерсе үйрөндүм. Анан жаңы бир долбоордун үстүндө иштеш кызык болду. Себеби, ал жерде нөлдөн баштап, барын үйрөнүп чыгабыз. Ошентип жаңы нерсени үйрөнүүгө умтулуу жумуш которуу үчүн эң негизги себеп болду.

- Дал ошол эки компаниянын эмне айырмачылыктарын байкай алдыңыз?

- Негизи «Microsoft» аябай чоң компания. Нокияны алгандан кийин кызматкерлердин саны 120 миңге жетти. Көбүнчө оффлайн деп интернет жок программаларга көңүл бурчу. Азыр ошону өзгөрткөнгө аракет кылып жатат. Мисалы оперативдүү система “windows”тун деле интернетке тиешеси аз. Же “office” сыяктуу программалардын көбүн интернетке өткөргөнгө аракет кылып жатышат. А «Google» - бул өзү издеген сайт болуп башталган үчүн бүт долбоорлору интернетке тиешелүү. Анан ал жаңы компания болгон үчүн батыраак өнүгүүдө. Кызматкерлери да анча көп эмес. Батыраак чоңоюп жатат.

- «Google translate» кызматына биздин кыргыз тилибизди киргизүүгө аракеттер болуп, акыркы кадамдар жасалууда десек да болот. Ошол тууралуу бир аз маалымат бере кетсеңиз. Качан кирип калат?

- Кыргыз тилин киргизүүдө ушул убакка чейин көп аракеттер жасалып, кыйла жылыш болду. Өзгөчө кыргыз котормочулар деген топ ачып алып, ошол жерде өзүбүздүн эле улан-кыздар сөздөрдү англисчеден же орусчадан кыргызчага которуп жатышты. Жумуштун көбүн ошолор эле кылды. Аябай көп сөз которулду. «Google translate»ке кириш үчүн кандай нерселер керек экенин билбейм. Бирок сөздөр канчалык көп которулса ошончо жакшы болот деген ойдомун. Анан «Google translate» болбосо деле, «Google»дын башка көп программалары кыргыз тилинде иштеп жатат. Жакында кыргыз тили да кирип калат деген үмүттөмүн.

««Google»да офиске башкача көңүл бурулат...»

- Сиз «Google» компаниясынын башкы кеңсесинде иштесеңиз керек. Билишимче ал жер бир башкача, өзгөчө.

- Ооба, мен башкы кеңсесинде иштейм. Сиз айткандай эле «Google»да офиске башкача көңүл бурушат. Ал жерде иштеген жерлер бар. Ар бир иштеген жерге жакын ден-соолукка пайдалуу ашканалар бар. Оюн ойногон жерлер, чарчасаң уктай турган бөлмөлөр.... Негизи эле ойго келгендин барын ар кайсы жакка куруп койгон. Спорт залы деле бар, сүзгөнгө бассейн, ойногонго теннис дегендей. Негизи ким эмнеге кызыкса жумуш учурунда, жумуштан мурун же кийин деле кампустан чыкпай эле бар болгон жумушун бүтүрсө болот.

«Программисттер эмоцияга алдырбайт…»

- Компьютер менен иштеген программисттер айтылган нерсени эле аткарып, ой жүгүртүүсү чектелип калат. Бул көпчүлүк програмисттерге таандык мүнөз. Сизде бул мүнөз барбы? Ушул сыяктуу окуяларга кездештиңиз беле?

- Туура. Негизи программа жазуу башкача жумуш. Бул жерде эртеден кечке мээ менен иштейсиң. Бир нерсени образдуу ойлоп табабыз. Ар ким өзүнүн оюнда робот болуп жатат. Колу, буту болуп жатканы менен чынында робот жок. Күндө эртеден кечке так илимдер менен иштеген үчүн, дүйнөдө да бүт нерсени так деп ойлойт. Өзүмдүн кесиптештеримдин арасында да көп байкайм, кичинекей чечимди чыгарыш үчүн деле бүт анализдеп чыгат. Мисалы отурган жеринен ашканага барыш керек болсо, ойлонуп, кайсынысы эң кыска жол деген сыяктуу. Так илимдер менен иштешкен үчүн бут нерсени эсептеп калышат, мен дагы ошону байкадым.

- Мунун жашоого тийгизген таасири кандай болду экен. Оңбу же көбүнесе терспи?

- Ар кандай. Оң таасири болсо бир чечим чыгарарда көбүнчө эмоцияга алдырбайт. Эсептеп, кайсынынсы туура болсо ошол чечимди кабыл алат. Ошол жагынан караганда жакшы деп ойлойм. Стажы бар кесиптештеримден байкап калган нерсе, кээде оңой эле нерселер үчүн чечим кабыл алууга көп убакытты коротуп коюшат.

«Билл Гейтс менен жолугушууга аракет жасаган эмесмин...»

- Буга чейинки Кыргызстандагы басылмаларга берген маектериңизде Билл Гейтс сыяктуу 90 миң орундуу компания түзүүнү каалаганыңызды айткансыз. Ушул багытта бул күнгө чейин кандай аракеттер жасалды? Же болбосо бул ойлоруңуз башка компанияга өткөнгө байланыштуу өзгөрүп кеттиби?

- Бул биринчи маектен чыккан сөз чынында кичине кыялдануу сыяктуу маек болгон. Ошондо Билл Гейтс менен көрүшүп турат экен деген макалалар чыгып кеткен. Ал таптакыр чындыкка жатпайт. Анан 90 миң жумуш орундуу ишкана куруу деген деле ошол макалага окшош сыяктуу болуп кетти. А бирок ал макала таркагандан кийин элдер 90 миңдин иш ачат турбайсыңбы деп кайра-кайра сурагандан кийин, кыялдануу болсо деле ошону иш жүзүнө ашыруу керек, калп болсо деле, чын болгон күндө да эл ошону үмүт кылууда деп аракет кылып жатабыз. Кыялдануу ал 90 миң эмес, 1000 кишилик ишкана ачуу деле аябай кыйын. Өзгөчө бул Кыргызстандын экономикалык кырдаалында. Мындан сырткары бизде IT сектору анча өнүккөн эмес. Ошого жараша долбоорлор деле жок. Миң программисттик долбоорлор, жумуштар жокко эсе. Ошон үчүн ал аябай кыйынга турган иш. Жок дегенде ошол тармакта аракет кылганыбыз бир пайда алып келет деп ишенем.

- Жогоруда белгилеп өттүңүз Билл Гейтс менен жолуккан эмесмин деп. Негизи Билл Гейтс мени кабыл алса, өзүнүн иш бөлмөсүнө чакырып мени менен маектешсе деген ойлор болчу беле сизде?

- Билл Гейтсти мен аябай сыйлайм. Ал аябай акылдуу киши. Акылдуу болгондон да ал акыркы 15 жылдык өмүрүн жалаң кайрымдуулук иштерине жумшап келет. Өзүнүн акчасын бүт Африкадагы, Индиядагы ооруларга жумшап жатат. Абдан сыйга татыктуу киши. Бирок мен Билл Гейтс менен жолугушууга аракет жасаган жокмун. Эгер активдүү аракет жасасам жолугушуу мүмкүн болмок деп ойлойм. Бир эле шаарда жашап, бир эле чөйрөдө иштейбиз дегендей.

««Microsoft»то Кыргызстандын атынан иштеп жаткандай сезилчү...»

- Көпчүлүк адамда чоң компанияда иштеген учурда менменсинүү сезими пайда болот. Сиз алгач «Microsoft» компаниясында, азыр «Google»да иштеп жатасыз, сизде мындай сезимер жокпу?

- Андай сезимдердин бар-жоктугун досторумдан сурап көрүш керек. Ар ким өзүнүн менменсингенин айтпайт. Бирок көп сурашат ийгиликке кантип жеттиңиз деп. Мен аны ийгилик деп эсептебейм. Ал болгону карьеранын бир тепкичи. Ал жерде барыбыз бир нерсе үйрөнөлү деген максат менен жүрөбүз. Бул ийгилик деле эмес деп ойлойм.

- Сиз ошондой чоң компанияларда иштегениңизге сыймыктанасызбы же катардагы эле жумуш, иш катары сезесизби?

- Экөөнүн ортосунда десем болот. Бул мен үчүн катардагы эле жумуш. Айырмасы ал жерде үйрөнгөнгө көп ресурс бар. Экинчиден, ал жерде мен биринчи иштеп баштаганда кыргыздар аябай аз болуп, Кыргызстандын атынан иштеп жаткандай сезилчү. Себеби кыргыздардан биринчи сени таанып жатса, мага карап кыргыздарды аныктап алат дечүмүн. Ошон үчүн ал жагын алып караганда ал компаниялар катардагы эмес. А бирок мындай карап көрсөңүз карьера жактан бул катардагы эле бир чоң компания болуп эсептелет.

«Кыялдарга жетиш үчүн мага Америкадан башташ оңоюраак...»

- Кайсы тилдерде эркин сүйлөйсүз?

- Мен кыргыз, орус, түрк анан англис тилдеринде сүйлөйм. Япон тилин дагы эки жылдай үйрөнгөм. Бирок аны көптөн бери колдонбогон үчүн унута баштадым деп ойлойм.

- Сиз 4-5 өлкөдө жашап көргөн адам катары сизге суроо бергим келип турат. Кайсы өлкө сизге жагат жана эмнеси менен? Албетте Кыргызстанды айтышыңыз мүмкүн. Биздин өлкөдөн сырткары.

- Албетте Кыргызстанды айтмакмын. Эч бир өлкө биздин өлкөгө тең келе албайт. А бирок мен жашап көргөн башка өлкөлөрдү сурасаңыз, мага Америка жагат. Ал эми жакканынын себеби, жана башында айтып өткөндөй эле ал жакта ар ким өзүнүн аракетине жараша ийгиликке жетишет. Эл тараптан да, мамлекет тараптан да эч кандай тоскоолдук жок. Эгер менин бир максатым, кыялдарым болсо Америкадан башташ мага оңоюраак. Анткени ал жерде кыялыңа жетиш үчүн аракет эле кылыш керек. Ошон үчүн Кыргызстандан башка өлкө десе Америка деп айтамын.

- Ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым мекенчил болуп жүрө бериңиз. Азыр АКШда жашап жатасыз. Ал жакта биздин кыргыз жарандарыбыз көп экенин билебиз. Алар сизге жардам сурап кайрылгандар болобу?

- Мен Сиетлда жашаганда 50гө жакын кыргыздар бар болчу. Ал жерде менден жардам сурабай эле барыбыз бири-бирибизге жардам беребиз. Жаңы келгендерге жашаганда жер таап берип, документин ырастап, же мисалы мен көчө турган болсом балдар келип жардам берет. Ошентип бири-бирибизге жардам берип турабыз. Өзгөчө бирөө барына жардам берет деген түшүнүк жок. Калифорнияга көчкөнүмө бир жыл болоюн деп калды. Ал жерде деле көп кыргыздар бар экен. Нооруз майрамында көп кыргызстандыктарды көрдүк. Бирок көп тааныбагым үчүн анчалык ал иштерине аралаша алган жокмун.

«Жашым өтө электе өлкөгө кайтып келсем дейм...»

- Адам баласы өзүнүн мекенине сөзсүз түрдө кайтып келүүнү эңсейт экен. Сиз дагы чет мамлекетте өмүр бою жашап калбайсыз. Бул нерсени сиз буга чейинки берген маектериңиздин биринде айттыңыз эле. Качан Кыргызстанга эс алууга эмес, биротоло кайтып келесиз?

- Кыргызстанга качан кайтып келесиң деген суроону аябай көп алам. Өзүм да көп ойлоном. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, долбоорлордун жүрүшүнө жараша кайтып келем деген ойдомун. Бирок жаштыктын, эмгектин барын чет өлкөдө өткөрүп, Кыргызстанга пенсияга чыкканда эле келбей тургандай кылыш керек. Үйрөнүп, билгендеримди кыргыз жаштарына үйрөтүшүм керек. Мен өзгөчө билим берүүгө абдан кызыгам. Качан келсем деле ошол нерсе менен алектенем деп ойлойм.

- Рахмат. Сөзсүз түрдө сиздей мыкты, патриот инсандар бизге, Кыргызстандын өзүнө керек. Чет өлкөдөн келген учурда биз менен маектешкенге убакыт тапканыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Айтып калдыңыз, ар дайым “Марал” радиосун угуп жүрөм деп. Сөзсүз түрдө биздин радиодо да мекендин кандайдыр бир бөлүгү жатса керек. Ар дайым биз менен бирге болуңуз.

- Сиздерге да убакыт бөлгөнүңүздөр үчүн чоң рахмат. Жалпы “Марал” радиосунун жамаатына күнү-түнү талыкпай эмгектенип жатканыңыздарга ыраазычылык билдирем. Чын эле мекендин бир бөлүгү. Алыста жүрсөк дагы кыргыз ырларын укканда Кыргызстанга бир келип кеткендей сезим болот. Чоң рахмат!

Автор: Диналиана Джунушева

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...