Акыркы макалалар

Кыргызстанда электрондук акча мыйзамдаштырылды

Кыргызстанда электрондук акча мыйзамдаштырылды

Кыргызстанда электрондук акча мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын төлөм системасынын методологиясы жана саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нестан Бейшеева билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда, башка өнүккөн өлкөлөр сыяктуу эле Кыргыз Республикасында чекене төлөм жүргүзүү рыногу активдүү өнүгүп келе жатат.

"Бул рыноктун инструменттеринин бири бул-электрондук акча. Ал атайын маалыматты алып жүрүүчүдө канча акчанын бар экендиги тууралуу жазууну алып жүрөт. Мисалы: смарт-карт базасында же түйүндүк базада. Анын жүрүшүндө бул электрондук алып жүрүүчүнүн ээси нак акча менен эсептешкендей эле, соода-сервистик жайлар же башка компаниялар менен макулдашуунун негизинде эсептешүүгө укук алат. Электрондук акчаны жүгүртүү анын ээсинин талаптарына жол берүү менен анын талабына жараша көлөмдөгү акча боюнча милдетинин аткарылышынын негизинде ишке ашырылат. Электрондук акча электрондук формада ээсинин буйругу боюнча маалыматты берип турат. Ал атайын жабдууда сакталып, телекоммуникациянын жардамы менен башка жабдууларга да которулууга мүмкүнчүлүгү бар",-деп түшүндүрдү адис.

Ошол эле учурда электрондук акчанын тегерегинде көптөгөн суроолор жаралып келген. Ал суроолор электрондук чекене төлөм өнүгө баштаганы электрондук акчаны колдонуу, электрондук акча менен төлөм жүргүзүүчү финансылык эмес мекемелердин байланышы, банктык жана банктык эмес кредиттик институттардын электрондук акчаны чыгарышы, электрондук акчанын акча массасына жана баалардын деңгээлине тийгизген таасири, мыйзамсыз кирешени "адалдоону" алдын алуу ж.б.суроолор.

"Бул суроолорду жөнгө салуу, инновациялык технологиянын колдонуучуларын коргоо жана эмитенттин төлөөгө жөндөмдүүлүгү болбой калуусунун тобокелдигин төмөндөтүү үчүн Улуттук банк тарабынан "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы тууралуу" мыйзам иштелип чыккан жана 2015-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын президенти кол койгон. Мында көбүнчө электрондук төлөм жүргүзүү тармагына Улуттук банк тарабынан лицензия берилип, көзөмөлгө алынышы керек деп басым жасалган. Мисалы, бүгүнкү күнгө чейин интернет-акчага жана мобилдик төлөмдөргө байланыштуу төлөмдөр жана өз ара эсептешүүлөр көзөмөлдөн тышкары калган. Ал эми электрондук каражаттын жүгүртүлүшү болсо эсепке алынган эмес жана анда айрым укуктук негизи болгон эмес.Тагыраак айтсак, виртуалдуу каражат ээлери көптөн бери эле электрондук капчыктар менен активдүү колдонуп келе жаткандыгына карабай, "электрондук акча" термини мыйзамдуу негиздөөгө ээ боло элек эле. "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзамында эми "Электрондук акча" деген түшүнүк киргизилип, акчалай нарк катары электрондук түрдө программа-техникалык жабдууда сакталат (төлөм карт, виртуалдуу төлөм карт жана электрондук капчык (алып жүрүүчү) электрондук акчанын инструменттери болуп саналат) жана электрондук акчанын эмитент-мекемеси (чыгаруучу) менен акцепт берүүчү мекемелердин товар кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм каражаты катары кабыл алынат. Мыйзамдагы 6-берене толугу менен "Электрондук акчага" арналып, анда "Кыргыз Республикасындагы электрондук акчанын эмитенти (чыгаруучусу) болуп электрондук акчанын эмиссиясын ишке ашыруучу жана өзүнө электрондук акчаны кармоочулардын алдында акчаны толугу менен сөзсүз төлөө милдетин алган банк эсептелет деп аныкталган. Банк-эмитенттин электрондук акчаны колдонуу аркылуу төлөм кызматын көрсөтүү боюнча ишмердүүлүктү ишке ашыруу үчүн кошумча лицензияга ээ болушу керек. Кыргыз Республикасынын аймактарына электрондук акчаны жайылтуучу эмитенттер электрондук акчаны колдонуудагы коопсуздук жана ыңгайлуулук үчүн мыйзамдын чегинде жоопкерчиликти алат. Эмне үчүн эмитент катары мыйзамда банк аныкталган? Анткени, Кыргыз Республикасында эсептешүү эсебин бир гана коммерциялык банктар жүргүзөт. Бул талаптар ошол банктар тийиштүү жоопкерчиликтерди мойнуна алса, калк үчүн бир кыйла коопсуз жана ишенимдүү болот. Мыйзамга боюнча "Банк, ченемдик укуктук актыларга ылайык төлөмдөрдү өткөрүү, эсептешүүлөр (банктык төлөм карталарын пайдалануу менен төлөөлөрдү жана эсептешүүлөрдү кошо алганда), акча которуулар, электрондук акчаны жайылтуу боюнча калкка кызмат көрсөтүүнү сунуштоо жагында финансылык эмес-кредиттик мекемелер жана банктык эмес финансы-кредит мекемелери менен келишим (агенттик келишим) түзүүгө укуктуу".Ал эми электрондук акча менен колдонуунун негизги талаптары 2015-жылдын 12-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын "Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө" жобосунда аныкталган",-деп кабарлашты Улуттук банктан.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...