Акыркы макалалар

Жеңил өнөр жайы кризистен чыга алат

Жеңил өнөр жайы кризистен чыга алат

Кыргызстандын Жеңил өнөр жайы көп жылдардан бери республиканын экономикасынын алдынкы тармагы болуп келүүдө. Жарандарды иш менен камсыз кылууда жана элдин турмушун жакшыртууда олуттуу мааниге ээ. Бирок акыркы жылдары тармактагы ишкердик төмөндөй баштады. Кабар даамында уктуруусунда ушул теманын алкагында сөз кылдык. Суроолорубузга “Жеңил өнөр жайчылар” ассоциациясынын президенти Фархад Төлөгөнов жана “Selya” ишканасынын жетекчиси Асел Кочкорова жооп беришти.

Жеңил өнөр жайы кризистен арылат

Жеңил өнөр жайында болуп жаткан кризис мурда эле башталган. 90-жылдары 2008-жылдары да кризис болгон. Бирок биздин ишканалар баары бир бутка туруп кеткен. Бул тармактын солгундап кетишине дүйнөлүк рыноктогу болуп жаткан кризистин таасири тиет. Себеби Кыргызстан бул жаатта Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөр менен тыгыз байланышта. Ошол себептен экспорттук көлөмүбүз төмөндөп кеткен. Бажы биримдиги боюнча Кыргызстан өз чечимин былтыр май айында чоң жыйында билдирген. Бир добуш менен колдоп бергенбиз. Жеңил өнөр жайында кандай жеңилдик-кыйынчылыктар болоорун эксперттер изилдеп коюшкан. Биз Бажы биримдигинен коркпошубуз керек.

“Жеңил өнөр жайчылар” ассоциациясынын 80 пайызы тигүүчү ишканалар

Биздин ассоциацияга 700 дөн ашык ишканалар кирет. Арасында ири ишканалар бар. Көбүнчөсү орто жана чакан ишканалар. 80 пайызын тигүүчү ишканалар түзөт. Ош шаарында 2010-жылы филиалы ачылган. Ал жакта 85 ишкана бар. Андан тышкары ассоциациянын Орусия жана Казакстандын 17 шаарында өкүлчүлүктөрүбүз бар.

«Selya» ишканасы дүйнөлүк фирмалар менен кызматташат

Биздин ишканабыз 2002-жылы ачылган. Жайкы сезон убагында 37 киши иштейт. Күзгү, жазгы, кышкы убакыттарда 67 кызматкер эмгектенет. Бүгүнкү күндө Орусиянын ири шаарларынан билдирмелерди алып жатабыз. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Андан тышкары Корея, Индонезия, Кытайдан кездемелер импорт кылынып жатат. Аларды импорттоодо биз атагы чыккан фирмалар менен байланышып, тажрыйба алабыз. Башынан эле кыздар жана айымдарга көйнөк тигебиз. Башка эч нерсеге көңүл бурбай, жалаң ушул тармакты өнүктүрүүгө басым жасап келебиз.

Чет өлкөлүк ишканалар Кыргызстандын маркасын колдонуп, товарларын экспорттоп жатканы чоң көйгөй

“Жеңил өнөр жайчылар” ассоциациясы бул көйгөй менен күрөшүп келе жатат. Эми Бажы биримдигине кирип калсак чечилип калат деген үмүт бар. Себеби Орусия жана Казакстан тарабынан бажы жагынан модернизация жасоого, жаңы камераларды орнотууга каражат бөлүнүп берилет. Посттордун баары жаңырса контрафактын көлөмү азаят деп ойлойм.

Бишкекте Кыргызстанда тигилген кийимдер сатылган дүкөндөр ачыла баштады

Биздин кийимдерди негизги сатып алуучулар – булар Орусия менен Казакстан. Бирок азыркы күндө биздин ишканалар Кыргызстанга көңүл буруп башташты. Кээ бир ишканалар Кыргызстанда тигилген кийимдер менен дүкөндөрдү ачып башташты. Маселен Бишкекте “Модный нюсанс”, “Ольга классик”, “Александра” жана башка дүкөндөрдө ата мекендик кийимдер сатылат. Биз унутпашыбыз керек, Бишкекте эле миллиондон ашык калк жашайт. Булар да биздин сатып алуучу кардарлар десек болот. Азыр биздин жарандар чет өлкөлүк бренддерди кийип жатышат. Ошол себептен сапаттуу кийимдерди тигип? шарт түзүп беришибиз керек.

Кыргызстанда тигилген кийимдерге кыргызстандыктардын да талабы күчтүү

Биздин ишканалар заказ менен иштешет. Тапшырык берген кишинин өзүнүн талаптары бар. Андан тышкары ишканалар ортосунда бири-биринен үлгү уурдамай жагы бар. Ошол себептен да бизде тигилген сапаттуу кийимдер сыртка чыгып кетет. Ошондой эле, тигүүчүлөрдүн жумушу өтө татаал. Ар бир тигүүчү бир күндө жок дегенде он көйнөк тигет. Бүгүнкү чыккан товарды сатыкка коюп, кийинки күндөргө жумуш даярдап берүү керек. Эгер бир маркетке токтолуп, коллекция кылууга көңүл бурсак, иш процесси токтоп калышы мүмкүн. Бирок азыр биз эксперименталдуу цехтерди ачып, сапатын көтөрүүгө аракет кылып жатабыз. Учурда биздин кыздардын Кыргызстанда тигилген кийимдерге болгон талабы күчөп баратат. Тандоо жакшы, замандын саркеч кийимдерин кийүүгө аракет кылышат. Ошол талаптарды аткарууга аракеттер эми гана жанданып, дизайнерлерди чакырып иштешип жатабыз.

“Made in KG” брендин сактап калуу керек

Көргөзмө жарманкелерди өткөзүп туруу, элге таанытуу менен бул брендди өнүктүрсө болот. Ири тармактык адистер менен кызматташуу керек. Жеңил өнөр жайынын 10 жылдыгы белгиленген учурда чет өлкөлүк адистер келишти. Буйруса күзүндө да бул тармактагы ири тапшырык берүүчүлөр келет өлкөбүзгө. Алар менен кызматташууну пландап жатабыз. Андан тышкары чет өлкөлүк трендерге байланыштуу кийим чыгаруу, сапатын көтөрүү, техникалык жактан жакшыртуу аракеттерин көрүүдөбүз. Жумушчулардын деңгээлин жогорулатуу үчүн чет мамлекетке барып билим алуу кадамдарын жасоо зарыл.

“Кыргызстанда тигилген” бренди ийгиликке жетишүүдө

“ Selya” ишканасы Гонконг, Шанхай көргөзмөлөрүнө катышат. Жакында эле Парижде, Миланда өткөн мода жумалыгында өнөктөштөр тарабынан чакыруу келди. Февраль айында барып катышып келебиз. Бишкектеги июнь айынын биринчи жумалыгында өткөн дизайнерлер конкурсунда “Selya” ишканасы алдыңкы орунга ээ болушкан. Күзүндө Орусиянын мода жумалыгына катышып, Кыргызстандын желегин желбиретип келет. Ийгиликтерге жетишет деген үмүтүбүз бар.

Автор: Бахар Хакимова

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...