Акыркы макалалар

Кыргыз коомчулугу интеллектуалдык-руханий жоокерлерге муктаж!

Кыргыз коомчулугу интеллектуалдык-руханий жоокерлерге муктаж!

Таш астында Улуу тагдырлар үн жарып турган кезде, карекке сыйбаган өмүрлөрүбүзгө биз манчырканбай эле коелу. Бул жашоодо бизге өлчөнүп берилген убакыт алсыз келечектин көлөкөсүнө айланбасын деген гана тилек.

Ооба, бардык далалат биздин коомдук түзүлүштү жакшыртууга карай багытталат. Ал эми ар бир адамдын жашоосуна тартип алып келүү менен берекелүү өмүр сүрүүгө багыттаган руханий-моралдык көрсөткүчтүн бири – бул ЖООКЕРДИК ӨНӨР.

Биздин учурда ар бир кыргыз жараны аң-сезиминин коопсуздугу үчүн бекем турган күзөтчүгө, башкача айтканда, ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ЖООКЕРге айлануу маселеси турат. Жана бул интеллектуалдык-руханий аскердин башында кыргыздын жоокердик дымагын кылыч мизине айландырар улуттук эрк, ошондой эле Элдик Максатка жетелей турган бабалардын алтын жебеси туруш керек.

ЖООКЕРДИК ѲНѲР – согуштук тактикалардын жана кармашуу өнөрүнүн, ошондой эле Мекен алдында милдет-жоопкерчиликти тарбиялоонун жыйындысы болуу менен тереӊ функционалдык мазмунду алып жүрөт. Согуш өнөрүн өздөштүрүү согуш убагында гана коопсуздукту камсыз кылуу менен чектелбейт. Ал жай турмушта дагы аны кошо курчап турган социалдык, ошондой эле табият чөйрөсүн өзүнөкамтып, гармонияда жашаган адамды ар тараптуу, тең салмактуулукту сактаган инсан катары калыптандырууга арналган дисциплина. Бул дисциплина кыргыз баласынын этикалык системасы жана моралдык мыйзамы жөнүндө кабар берет. Жашоого, элге, өзүнө болгон мындай мамиле адамды бийик максаттарга жетүүгө шыктандырат. Маселен, жоокердик заманда ар бир кыргыз жоокери Элдин астында кызмат кылууну милдет деп эсептеген. Эл үчүн өз өмүрүн берүүгө даярдык сезими кыргыз баласынын ички өзөгүндө калыптанган баалуулук болгон. Кыргыз жоокери үчүн согушуу, согуш талаасында курман болуу же согуштук жүрүшкө аттануу анын тагдыры катары кабыл алынган. Бул тарыхый факт экенин тарыхый булактар бүгүн бизге маалым кылбаган күндө деле, салттык тарбия дал ошондой деӊгээлге чейин тарбиялаганын билебиз. «Намыс – өлүмдөн бийик» принциби кыргыздын жашоо философиясы болгонун ким танат. ЭЛГЕ КЫЗМАТ ӨТӨӨ СЕЗИМИ – эненин сүтү менен берилген ыйык озуйпа.

Байыркы кыргыздардын кылымдар бою кылыч кайрап жашап келгени – согуш өнөрүн мыкты өздөштүргөндүгүнөн кабар берет. Ушуга байланыштуу биздин коомдук түзүлүш дагы согуштун талаптарына ылайык келип, үч миң жыл ичинде бышып жетилген туруктуу элдүүлүктү жарата алды. Бул убакыттын ичинде биз эл катары ар тараптуу калыптандык. Тагдырында көп оорчулуктарды жана жоготууларды көргөн элдин аң-сезими ийкемдүү келип, топуктукту кармап калат. Жашоого болгон ач көздүк биздин тарыхыбызда болгон эмес. Адамдын өмүрү анын узактыгы менен эмес, турмушунда маңдай жарган жакшылыктарын жана көкөйүн кескен жамандыктарын бирдей көтөрүп, эл астындагы кызматы, ошондой эле адамдыгын жоготпогондугу менен бааланган. Ушуну менен эле бирге, биздин элдин мүнөзүндө жата берүү дагы жок болчу. Эркиндик менен кошо адилдик кыргыз коомчулугунда калыптанган башкы баалуулук катары саналып, ансыз кыргыз өзүн элестете алчу эмес. Бул табигый умтулуу, ички руханий өзөгүбүздүн башаты. Эгер ушул эки ыйыкка кечирилгис кол салынса эмне боло тургандыгын айтып кереги жок, ансыз деле түшүнүктүү. Барксыз өмүрлөрдү сапырып таштоо кыргыздын узак жолунда миң ирет кайталанган.

Табигый элдүүлүгүбүздү өлтүрүп албагыдай кылып, астейдилдик менен оптималдуу түрдө биздин тарыхый мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша мамлекетти калыптындырып алуу жөнүндө сөз жүрүп жатканын түшүнүп тургандырсыз. Мамлекеттин табиятын жана элдик тагдырыбызга жазылган мүмкүнчүлүктү түшүнбөй туруп алдыга кадам таштай турган болсок эмне боло турганын көрүп-билдик. Ошондуктан, күчтүү улуттук эрктин гана негизинде негизделген мамлекет бекем болору айдан ачык. Андай бекемдикти маданияттын бекемдиги камсыз кыларын унутпаш керек. Мындай мамлекетте жашаган коом анык эркиндикке жана адилеттүүлүккө жетет.

Жоокердик дымактын күчтүүлүгү адамда баатырдык, ар-намыстуулук, кайратмандык, жасаган ишине чынчыл менен берилгендик, ошондой эле чечкиндүүлүк сапаттарды жаратат. Мындай сапаттарды алып жүргөн адамда жеке эгоизмден келип чыккан арамзалык, куулук, кошоматчылык, саткынчылык болушу мүмкүн эмес. Ошол себептен, бүгүн кыргыздын согуш өнөрүнүн принциптеринин негизинде адамдын жүрүм-турум стереотибин уюштурган моралдык-этикалык дисциплина жаратуу зарыл болуп турат. Ал дисциплина эӊ негизи адамдын Мекенге, Элге, Жерге болгон мамилесин тарбияламакчы. Жана ошондой эле коомчулуктун социалдык мамилесин тартиптүүлүккө алып келип, руханий-нравалык баалуулуктардын үстөмдүгүн пайда кылмак.

Аскердик өнөрдүн принциптерин өнүктүрүү эч кандай согуштук аракеттерге тиешеси жок. Ал тынчтык жана бейпил жашоону гана багыттаган система болуп саналат. Жоокердик өнөргө машыгуу биринчи кезекте бекем ден-соолукту жана моралдык-психологиялык туруктуулукту шарттайт.

Коом учурда аң-сезими ууланбаган сергек жарандарга муктаж болуп турган убакта, биздеги даяр салттык өнөрлөрдү мектептен баштап жогорку окуу жайларына чейин системдүү түрдө киргизүү кечиктирилгис кадамдардын бири. Ал эми аны ишке ашырууда биздин улуттук оюндар эӊ башкы жана негизги ролду ойномокчу.

Улуттук оюндар Кыргыз мамлекетинин кубаттуу өнүгүшүндө стратегиялык маанилүү орунду ээлейт. Ат оюндары, салбуурун, күрөш, тогуз-коргоол, ордо жана башка өнөрлөр улуттун ички потенциалын кармап турат жана улуттун эркин, ошондой эле дымак күчүн демонстрациялайт. Улуттук оюндарды өнүктүрүү жана уюштуруу – биринчи кезекте ишке ашыра турган саясат. Себеби ал элдин, жалпы мамлекеттин ички жана сырткы коопсуздугун камсыз кылат эмеспи. Сырткы формадан улам ички мазмунду калыптандыруу, же ички мазмунга форма берүү – бирдей тең салмактуулукту ишке ашыруу менен толук кандуулукка жетүү.

Кандай аскер күчтүү деп эсептелет, албетте башында турган аскер башчы күчтүү болсо, ал аскер бирдиктүү жана тартиптүү болуп саналат. Мындай аскердин ийгилиги кылымдарга калат. Бирок ал аскердин тарыхы кол башчысынын өмүрү менен кошо аяктайт. Ал эми «ЖООКЕР-ЭЛ» – башкача айтканда, өз алдынча уюшулган аскердик биримдиктердин жыйындысынан турган аскер түбөлүк жашайт. Себеби ал башы жок болгон учурда дагы согуштук духун жоготпостон узакка созулган каршылашууга даяр. Андай аскерди үй-бүлө, тууган-урук, эл-жер гана курай алат. Бул үчүн албетте айылдык жана аймактык деңгээлде өз алдынча уюшулган ынтымактардын түзүлүүсү зарыл. Аны эгер эл өзү демилгелеп түзө турган убагына келип калган болсо, анда кыргыздын жылдызы кайра жанды дей бер.

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, мекенчил жаштардын өкүлү

Түп нускага шилтеме : kok-asaba.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...