Акыркы макалалар

Жаш балдарга канча жашынан баштап дарбыз-коон берүүгө болот?

Жаш балдарга канча жашынан баштап дарбыз-коон берүүгө болот?

Жер-жемиштердин ичинен эң көлөмдүүсү дарбыз менен кооп болуп эсептелет. Дарбыздын курамында кычкылтек бар, ал организмге сиңимдүү келет жана көп калория берет. Ал эми кичи элементтерге кирген калий менен магний жүрөк булчундары үчүн абдан пайдалуу. Көптөгөн клетчаткалар бар, алар заар бөлүп чыгаруу органдарын тазалап, калыпка салат. Суусунду жакшы кандырат. Ал эми жаш балдар үчүн пайдасы барбы? Балага качан берүү керек? Жообун чогуу издеп көрөлү.

Теориялык жактан балага 1 жашынан баштап эле дарбыз бере берсе болоору белгиленген. Бирок, азыркы замандын шартына, талабына жараша мындай тобокелчиликке барбай турган жакшы. Андыктан дарбызды 3 жаштан өткөндөн баштап толук кандуу бере баштаса болот. Бирок, чеги менен болушу шарт. 3-4-5 жаштагы балдар үчүн күнүнө 100 грамм дарбыз жетиштүү болот. Мындан ашып кетсе, ичегилерге, тамак сиңирүү органдарына доо кетип ичи өтүү менен коштолот. Ошондой эле денектерин тазалап берген жакшы. Бала үчүн анын пайдасы жок.

Коондун пайдасы

Коон дагы дарбыздай эле балдарга абдан жагат. Анын курамында пайладуу каротин, фолиевой жана никотин кислоталары, аскорбин заты бар. Темирге бай, В группасындагы витаминдери толугу менен камтыйт, калий да бар. Алар териге, чачка жана тырмактарга абдан пайдалуу. Дарылоочу касетке да ээ. Айрыкча ашказан, боор, кургак учук, депрессиялык абалдан чыгуу үчүн да сунушталат. Жөтөлдө, организмдеги таштарды ээритүү үчүн да сунушталат.

Ал эми жаш балдарга бир жашынан баштап кичинекей бир тиштемден бере баштса болот. Бирок, коон башка кээ бир азыктар менен сиңимдүүлүгү начар болот. Андыктан муну да 3 жаштан эле берип баштаган жакшы. Бир күндүк өлчөм 20-50 грамм болсо жетиштүү болот.

Мындан сырткары...

Коон- дарбызды муздаткычка бир эле күнгө сактоого болот. ал эми жаш балдарга берээрден бир саат мурун чыгарып коюңуз. Жемиштин эң ортосунан кесип бериңиз. Чет- жакалары көп деле пайдалуу эмес.

Бала эмизген энелер дарбыз –коон жегенге болобу?

Азыркы учурда табигый жол менен өстүрүлгөн дарбыз- коондорду айырмалоо өтө эле кыйынчылыкка турат. Эгер табигый жол менен бышкан коон- дарбыз болсо бир- эки кесим жеп койсо эч нерсе болбойт. Ал эми химиялык заттарга бышкан жемиштерди жеп алса, анда өзүнүн да баланын да ичи өтүп кетет. Андыктан бала эмизген энелер жебей эле койгону дурус.

Дарбыз- коонду туура тандайбыз

Албетте, өз колуңуз менен өз бакчаңызда табигый жол менен дарбыз- коон өстүргөнгө эмне жетсин.... Бирок, баарыбызда эле мындай мүмкүнчүлүк жок, андыктан базарлардан, дүкөндөрдөн сатып алууга туура келет. Айыл- чарба жаатындагы адистердин айтымдарында табигый жол менен өстүрүлгөн кон- дарбыздар августь айында гана бышат. Ага чейинкилеринин көпчүлүгү химиялык кошулмалар менен бышат.

Жолдун боюунан, унаалар көп өткөн жерден, күн ачык тийип турган жерде сатылган дарбыз- коонду сатып алуунун кажети жок. Анткени унаалардан, күндөн ар кандай зыяндуу зыяндуу заттар сиңирилип, ууланууга жеткирет.

Жакшы башкан барбыздын сырткы кабыгы жылмакай, жылтырак болот. Ал эми үстүндөгү калган тамырдын үзүндүсү курак болушу шарт. Ал эми кескенден кийин бир кесимин сууга салсаңыз сапатту дарбыз болсо суу бозомук тартып калат. Ал эми сапатсыз болсо кызыл түскө айланат. Ал эми коондун кабыгы жылма, тегиз, тагы жок болушу керек.

Дарбыз- коон сатып алууда сатуучудан негизинен талапка ылайык сертификат сураганга акыңыз бар. Ал жерде жемиштер кайдан, качан алып келингендиги жазылууга тийиш.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...