Акыркы макалалар

"Домодедоводо" кармалган кыргызстандык аял өзүн-өзү жардырууга аракет кылган

Сирияга кетүүгө аракет кылган кыргызстандык аял "Домодедово" аэропортунда кармалды, ал өзүн-өзү жардырууга аракет кылган. Бул тууралуу Россия Федерациясындагы КРдин Ички иштер министрлигинин өкүлү Аскат Алиев маалымдады.

Алиев белгилегендей, Москвада укук коргоо органдары аялды кармаган кезде ал жанкечти болууга камданып Сирияга бара жатканын айткан.

Буга чейин, Кыргызстандын ИИМинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аялды 25-июнда Алиевдин өзүнүн катышуусу менен болгон ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кармашкан. Алиев "ВБ"га берген комментарийинде Чүй областынын тургуну, 25 жаштагы бул аял тууралуу маалыматты Россиядагы укук коргоо органдарына менен КРдин ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Бишкектеги кесиптештери бергенин айткан.

Колдо болгон маалыматка таянсак, аял Бишкек - Москва – Стамбул каттамында учмак болгон жана ал Түркияга жеткенден кийин аны Сирияга жөнөтүүнү пландашкан.

"Албетте анын колуна автомат берип эле согушка киргизе коюшмак эмес. Бирок аны башка максатта - өзүн-өзү жардырууга даярдашкан. Интернет аркылуу аябай катуу жүргүзүлгөн психологиялык ынандыруулардан кийин аялды ушундай идеяны ишке ашырууга көндүрүшкөн. Бирок ал Сирияга баргандан соң денесине тагылган жардыргычты иштетүүгө үйрөнүш үчүн атайын курсттан дагы өтмөк. Мындай "окуу" аяктаган кийин аны жардырышмак. Кармаган кезде аял өзүн зомби болгондой алып жүргөн. Бирок бир нече убакыт өткөндөн соң ал өзүнө келип, акыркы убактарда өзүн өңүндө эмес, түшүндө жүргөндөй сезгенин айтты",-дейт Аскат Алиев аял тууралуу.

Азыркы учурда аял Бишкекке кайтарылды жана болуп өткөн окуяны Ички иштер министрлиги иликтөөгө алып жатат. Россия жана Кыргызстандын укук коргоо органдары Сирияга аялдарды жөнөтүүчү тараптарды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иштери башталды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...