Акыркы макалалар

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЧӨП АЯНТТАРЫ КӨП ӨРТТӨНҮҮДӨ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЧӨП АЯНТТАРЫ КӨП ӨРТТӨНҮҮДӨ

Жалал-Абадда күндүн ысышы менен чөп аянттарында өрт кырсыктары күч алды.

Облус аймагында жайкы өрт кооптуу мезгили башталгандан бери 28 өрт кырсыгы катталып, былтыркыга салыштырмалуу 8ге өскөн. Натыйжада 160 гектан ашык кургак чөп өсүп турган аянт күйүп кеткен. Бул тууралуу облустагы өрткө каршы кызмат башкармалыгынын өрттү алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Чынарбек Шекенов билдирди. “21-июнь күнү Сузактын Барпы айылына караган чөп жайыттан өрт чыгып, 20 гектардан ашык аянт жана 500 даана таңгакталган чөп күйүп кеткен. Булардын баары жарандардын өрткө этиятсыз мамиле жасабагандыгынан улам келип чыгууда” – дейт Шекенов.

Өрт кырсыктары көбүнчө Сузак жана Базар-Коргон райондорунун талааларында катталууда.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА

Түп нускага шилтеме : www.aymak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...