Акыркы макалалар

8-августта Ысык-Көлдүн жээгинде КАРАГАТ ФЕСТ фестивалын өткөрүлөт

8-августта Ысык-Көлдүн жээгинде КАРАГАТ ФЕСТ фестивалын өткөрүлөт

8-августта Ысык-Көлдүн жээгинде КАРАГАТ ФЕСТ фестивалын өткөрүлөт. Бул тууралуу Түп райондук мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчиси Алмамбет Асакеев журналисттер менен болгон маек учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылдын январда иш-чараны уюштуруу боюнча акимдин буйругу чыккан. Учурда фестивалга карата даярдык иштери жүрүп жатат. Фестиваль Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кайкин атындагы орто мектептин спорт аянтчасында өтөт. Облустун мөмө жемиштерин даңазалоо, кайра иштетүүчүлөр, керектөөчүлөр жана дыйкандар ортосундагы өнөктөштүк мамилени күчөтүү, питомниктерди, күнөсканаларды жана заманбап сактоочу жайларды, тамчылатып сугарууну жайылтуу, карагат жана башка жемиштерди өстүрүү боюнча окутуу иштерин жүргүзүү фестивалдын негизги максаты болуп саналат. Андан тышкары иш-чара экологиялык жактан таза мөмө-жемиштерди өстүрүү менен жергиликтүү тургундардын экономикалык абалын жакшыртууга, эко-туризмди өнүктүрүүгө жана Ысык-Көлдүн түштүк тарабынын сыймыктанчу жерлеринин потенциалын жогорулатууга багытталган.

"8-августта КАРАГАТ ФЕСТ фестивалын өткөрүү үчүн азыртадан кам көрүп жатабыз. Бул өтө чоң деңгээлде өтүүчү фестиваль. Былтыр эстафета катары Жети-Өгүз району бизге өткөрүп берген. Иш-чаранын негизинде атайын боз үйлөр тигилип, көргөзмөлөр, жарманкелер уюштурулат. Андан тышкары жылдагыдай эле мөмө-жемиштердин парады, мастер-класстар жана ар кандай кызыктуу сынактар менен коштолуп, соңунда номинациялар тапшырылып, концерттик программа менен аяктайт",- дейт ал.

Район жетекчисинин айтымында, фестиваль учурунда коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары менен иштер жүргүзүлүүдө. Учурда аларга тиешелүү тапшырмалар берилген. Андан тышкары медицина жана өрт өчүрүү кызматкерлери дагы тартылган. Фестивалды өткөрүү жана анын шарттары тууралуу буга чейин уюштуруучулар тарабынан жер-жерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, шарттары тууралуу маалыматтар берилген. Эми жергиликтүү дыйкандар ошол шарттарга ылайык фестивалга катыша алышат.

"Фестивалга Ысык-Көлдүн ар бир районунун айылдык аймактарындагы атайын топтор катышат. Иш-чаранын дагы бир эң негизги максаттарынын бири- бул дыйкандар ортосундагы тажрыйба алмашууну жана жакырчылыктан чыгууну колго алуу. Учурда фестиваль облустук деңгээлде гана өтүп жатат. Келечекте республиканын башка аймактары дагы тартылышы ыктымал",- дер кошумчалады Алмамбет Асакеев.

Эскерте кетсек, фестиваль "Кумтөр" компаниясы менен "АВЕП" коомдук фонду биргелешип жүзөгө ашырып жаткан 3 жылдык "КАРАГАТ+" программасынын негизинде ишке ашып жатат. Программа жергиликтүү экономиканын өнүгүүсүнө жана мөмө-жемиш продукцияларынын рыногунун потенциалын жогорулатууга багытталган. Программа Ысык-Көл облусу үчүн иштелип чыккан, айрыкча көлдүн түштүк жээгин өнүктүрүүгө басым жасалат. Экологияны коргоого багытталган программанын алкагында коомдук фонд жогорку түшүмдүү, суукка чыдамдуу, илдеттерге туруштук бере ала турган жаңы сорттогу карагатты өстүрүү технологиясын жана карагат өстүрүүчү талааларды сугаруунун жаңы инновациялык ыкмаларын фермерлерге үйрөтөт. Андан тышкары адистер питомниктерди, күнөсканаларды жана айыл чарба продукцияларын сактоочу жайларды түзүүгө көмөктөшөт.

Мына бул күнөскана Туп районундагы "Байэл" бала чакчасына таандык. Күнөскана 2014-жылы негизделген. Ошондон тартып бала бакчада тарбияланып жаткан бөбөктөр айрыкча кыш мезгилинде жашылча-жемиш кошулган тактар менен камсыз болуп турушат. Бала бакчанын жетекчиси Сымбат Осмонбаеванын айтымында, бала бакча үчүн күнөскана куруу 720 миң сомдун долбоору болгон. Анын 180 миң сомуна жалпы эмгек жамаат чыгарса, Ысык-Көлдү фонду өнүктүрүү фонду 100 миң сом которуп берген. Ал эми "АВЭП" коомдук фонду тарабынан 440 миң сом берилген. Учурда күнөсканада өскөн жемиштер менен "Байэл"бала бакчасында тарбияланган 80 бала камсыз болуп турат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...