Акыркы макалалар

Ысык-Кѳлдѳ аялдар арасында футбол ѳтүүдѳ

Америкадан келген Олимпиада чемпиону Лорри Фэйр Ысык-Көлдөгү аялдар футболу боюнча фестивалына катышууда.

Анын маалыматында, Канадада өтүүчү аялдар футболу боюнча дүйнөлүк биринчиликти утурлай Кыргызстан футбол федерациясы АКШнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен бирдикте Республиканын аймагында аялдар арасында футбол фестивалын өткөрүүдө.

Фестивалда Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарынын командалары катышат. Иш чарага АКШдан 2004-жылдагы Олимпиада чемпиону, 1999-жылдагы дүйнө чемпиону Лорри Фэйр айым чакырылган.

Лори Фэйр өзүнүн иш сапарында Ысык—Көлдүн Бөкөнбаев, Төрт- Күл жана Каракол шаарында өтүүчү аялдар футболунун фестивалына катышууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...