Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн элеттик аялдардын жыйынында айтылды. Анда Каракол шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Асыл Курманбекова айыл жергесинде төрөт үйүндө аялдар 5 күн калып эс алуу керектигин кеп кылды. Себеби төрөт үйүнөн 1 күндө эле үйүнө чыгарып жиберет.
Курманбекованын айтымында, мурда кыздар төргөндө ден-соолугунун абалына жараша 20 күнгө чейин жатчу. Азыр аялдар төрөт үйүндө расмий түрдө 1-2 күн гана калат.
«Ал жактан чыккан соң кайын журтуна барат. Бирок үйүндө ысык жана муздак суусу жок. Мамлекеттин бюджетин үнөмдөйбүз деп аялдардын жана келечектеги балдардын ден-соолугун жоготуп жатабыз» деди Курманбекова.
Түп нускага шилтеме : maralfm.kg
Азырынча бир да пикир жок...