Акыркы макалалар

Депутат Хаджимурат Коркмазов "Өнүгүү" партиясына кирбегенин тастыктады

Парламенттин депутаты Хаджимурат Коркмазов "Өнүгүү-Прогресс" партиясына кирбегенин билдирди. Анын аталган партияга мүчө болгону тууралуу маалымат "24.kg" маалымат агенттигине жарыяланган.

Интернет-ресурста берилген маалыматка таянсак, депутаттар Хаджимурат Коркмазов, Нургазы Айдаров, Улукбек Кочкоров менен Абдумиталип Кочкорбаевдер парламенттин "Ата-Журт" фракциясынан чыгып, "Өнүгүү-Прогресс" партиясына кошулуп жатышкан экен.

"Менин эч жакка кетейин деген оюм жок",-деп билдирди бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Коркмазов "ВБ"нын берген суроосуна жооп узатып жатып.

"Ата-Журт" фракциясынан чыкканы тууралуу маалыматты эл депутаты четке какты жана Баш мыйзамга ылайык фракциядан чыга албасын айтты.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...