Акыркы макалалар

Казакстанда кулчулукта жүргөн тогуз кыргызстандык куткарылды

Казакстандагы кыштакта кулчулукта жүргөн тогуз кыргызстандык кулдуктан куткарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынан кабарлашты.

КРдин Алматы шаарындагы башкы консулдугунун кызматкерлери тарабынан Казакстандын Алматы областындагы Илий районуна караштуу Акчи айылындагы айыл чарбага жарактуу алыскы аймактардын биринде кулчулукта жүргөн, документи жок Кыргызстандын тогуз жараны табылды.

Белгиленгендей, Казакстандын укук коргоо органдарынын жардамы менен "кыргызстандыктар Чүй областынан жана Бишкектен Чу дарыясы аркылуу Казакстанга мыйзамсыз түрдө чыгарылган жана аларга эч кандай акы төлөнбөстөн кыйноо менен күчтөп талаа иштерине тартылган" деп аныкталды.

"Алар санитардык жактан жашоого ылайыктуу эмес жерлерде жашашкан. Начар тамактануу жана медициналык жардамдын жоктугу жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизген. Маалымдалгандай, консулдуктун кызматкерлери келгенге чейин, Казакстандын жаранына таандык болгон талаалардын биринде бардыгы 17 кыргыз жараны иштеп жүргөн, алардын ичинен экөөсү аял болгон. Бирок жер иштетип жаткан аймактын кожоюндары талаада иштеп жаткандардын бир бөлүгүн камыш жана арыктарга катып, жашырып салууга жетишкен", - деп билдирет КРдин Тышкы иштер министрлигинен (ТИМ).

Азыркы тапта буга байланыштуу Башкы консулдуктун талабы боюнча Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголду. Аталган жарандарды кыйноо жолу менен ишке тартуу, кармап туруу, алардын документтерин алып коюу жана ошондой эле аларды чек арадан мыйзамсыз түрдө өткөрүү боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Кыргызстандын жарандары аларга мекенине кайтканга дейре тиешелүү психологиялык жана укуктук жардам көрсөтүү максатында, Алматыдагы реабилитациялык борборлордун бирине убактылуу жайгаштырылды", - деп билдиришти аталган министрликтен.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...