Акыркы макалалар

ЖРТ 2015 ке катыша албаган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жарыяланды

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. Жалпы республикалык тестирлөө- 2015ке катыша албаган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жарыяланды. Кошумча каттоо 10-18-июнда №24 (Бишкек шаары) мектеп-гимназиясында, ошондой эле Ош шаарынын Билим берүү башкармалыгында өтөт.

КРнын билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тестирлөө 20 жана 21-июнда өтөт.

Кошумча тестирлөөгө 2015-жылы тестирлөөгө катыша албай калган окуучулар гана катыша алат.

“2015-жылы ЖРТнын дисквалификациялоочу катышуучулары кечиккендердин кошумча тизмесине каттала албайт”,-деп белгиледи министрликтин басма сөз кызматы.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...