Акыркы макалалар

Жер басып алгандар эркинен ажыратылат

Жер басып алгандар эркинен ажыратылат

Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүгө ылайык мындан ары Бишкекте өзүм билемдик кылып турак жай куруп алгандар жана жер басып алгандар эркинен ажыратылат. Бул тууралуу Бишкек Мэриясынын басма сөз жыйынында маалым болду. Аталган жыйынга Бишкек мэриясынын турак жай куруу департаментинин башкы инженери Райымкул Түмөнбаев, Жеке курулуш департаментинин Ленин жана Биринчи май райондук бөлүмүнүн начальниги - Сүйүндуков Улан, жеке курулуш департаментинин Октябр жана Свердлов райондук бөлүмүнүн начальниги - Иманакун уулу Таланттын катышуусунда өттү. Жыйында Бишкек шаарында акыркы учурларда өзүм билемдик кылып уруксаат албай жер участкаларына үй салып алгандардын саны көбөйгөнүн жана азыркы учурда мыйзамсыз салынган үйлөргө сот иши жүрүп жатканын айтса, жеке курулуш департаментинин Ленин жана Биринчи май райондук бөлүмүнүн начальниги - Сүйүндуков Улан, мыйзамсыз курулган үйлөргө Бишкек шаарынын госрегистр тарабынан кызыл китеп берилгенин жана “Алтын Казык 84” деп аталган жер тилкесинде бүгүнкү күнү 942 турак жай мыйзамсыз түрдө салынганын айтты. Ал эми Жеке курулуш департаментинин Октябр жана Свердлов райондук бөлүмүнүн начальниги - Иманакун уулу Талант азыркы учурда мыйзамсыз курулуп жаткан турак жайдын ээлери биздин мамлекет уруксаат берген кызыл китебибиз бар деп келишет, бирок бул мыйзам чегинде туура эмес иш экенин айтты.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...