Акыркы макалалар

Ленин районунда аймактык тескөөчүлөрдүн 6 таяныч пункттары ачылды

Ленин районунда аймактык тескөөчүлөрдүн 6 таяныч пункттары ачылды

Бүгүн КР ИИМ Абдылда Суранчиев, мэр Иса Өмүркулов, Ленин районунун акими жана Бишкек шаардык ИИББ башчысы Мелис Турганбаевдин катышуусунда Бишкектин Ленин районундагы Жал кичирайонунда, Ынтымак, Ак-Ордо жаңы конуштарында, Кызыл-Аскерде жана Ош базарында, Ж.Баласагын атындагы мамлекеттик университеттин жанында аймактык милиция пунктарын ачуу аземи өттү.

“Буга чейин аймактык тескөөчүлөрдүн атайын орду жок сыртта жүрүп, көп кыйналышчу. Эми жакшы шарттар түзүлдү. Эмеректер менен жабдылган бөлмөсү, телефону убактылуу кармоочу жайы бар. Бул пунктар милиция менен элдин жакындашуусун, алардын арыз-муңун угуп, кеп кеңешин берип, тыгыз кызматташуу менен кылмыштуулукту алдын алууга жана коомдогу тынчтыкты сактоого шарт түзөт. Эми жыйынтык күтөбүз” – дейт Турганбаев.

Шаар мэри И.Өмүркулов аймактык тескөөчүлөргө бирге иштөөнү сунуштап, тазалыкка көбүрөөк көңүл бурууга, айыл өкмөттөрү менен элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп туруусун, ошондой эле жакшы жыйынтык көрсөткөндөргө сыйлык берилээрин баса белгиледи.

2013-жылга Бишкек шаардык ИИББ тарабынан борбого жалпысынан 40 даана милициянын таяныч пункттарын ачуу планга киргизилген. Буга чейин Ак-Босого, Калыс Ордо жана Көк-Жар жаңы конуштарында аталган пунктар ачылган.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...