Акыркы макалалар

Ош: 100гө чукул ишкерлер шаар бийлигинен жапа чегүүдө

Оштогу «Алга бас» унаа тетик базарынын 100гө чукул соодагерлери шаар бийлигинен жапа чегип жатышканын айтып чыгышты. Алардын айтымында кечээ түндөсү шаар бийлиги эскертүүсүз тетик базардын айланасын оңдоо түзөө иштерин жүргүзүп жатабыз деген шылтоо менен каздырып салган. Муну ишкерлер, шаар бийлигинин атайын тетик базарды жаап салуу аракети катары түшүнөт. Эске салсак, өткөн жылы ноябрь айында шаар мэриясы Курманжан Датка кичи районунда «Кудайберген» аталышында тетик базар куруп, «Алга бас» унаа тетик базарына келчү кардарларды милиция кызматкерлери киргизбей коюшкан. Бул иштер боюнча ишкерлер шаар мэриясын соттон да утуп алышкан.

Жабырланган ишкерлеринин айтымында өткөн жылы Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаков «Алга бас» тетик базарынын мурунку жетекчисин жана бир топ соодагерлерди өз иш бөлмөсүнө чакырып, эч себепсиз эле базарды толук бойдон жабуу буйругун берип коркуткан. Андан соң милиция кызматкерлери ишкерлерди күч колдонуп, жаңы ачылган «Кудайберген» тетик базарына көчүргөн. «Алга бас» унаа тетик базарынын жетекчиси Эркин Шайдалиев ишкерлерди жаңы ачылган тетик базардан акысыз соода орун беребиз деп алдап, бирок алар учурда ар бир орун үчүн 12 миң АКШ долларын төлөөгө мажбур болуп жатканын айтууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...