Акыркы макалалар

Шайлоо босогосун 9 пайызга көтөрүү колдоо тапты

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында парламенттик шайлоодо республикалык босого чекти 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Долбоорго ылайык, аймактык босого тескерисинче төмөндөтүлүп, 0,7 пайыздан 0,5% пайызга түшүрүлдү.

Эске салсак, буга чейин Феликс Кулов парламенттик шайлоодо босоголук чекти 7 пайыздан 10 пайызга көтөрүүнү демилгелеп, парламент колдогон эмес. Депутат кайрадан 9 пайызга жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, мындай өзгөртүүлөр партиялардын саны көбөйбөстөн, сапатын жакшыртууга алып келет деп түшүндүргөн.

Талкуу жүрүшүндө депутаттардын баары бул демилгени колго алган жок. Айрым эл өкүлдөрү мындай демилге парламенттин жакшы иштешине алып келет деген пикирин билдиришсе, бир катар депутаттар бул демилгеге каршы чыгышты. Алардын бири Абдыжапар Бекматов каршы добушун берип, мындан ары да каршы тураарын айтты.

Кайталай кетсек бул мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Алдыда экинчи жана үчүнчү окуулар менен президенттин кароосу турат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...