Акыркы макалалар

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭСинин каскады боюнча маселелерди чечүүнү тездетет

4-июнда Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевдин жетекчилиги менен Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун долбоорун ишке ашыруу боюнча көчмө жыйын өттү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйынга Нарын областындагы өкмөттүн атайын өкүлү, Нарын райондук администрациясынын кызматкерлери, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун жана башка тиелешүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Башкы маселелердин бири катары Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын курулушуна жер участогун бөлүп берүүнүн үчүнчү баскычы талкууланды. Бул жыйында жер үлүштөрү курулушка караштуу жерге жакын жайгашкан айыл тургундарынын маселелери каралды.

Жыйындын соңунда талкууланган маселелерди чечүү жана аны аткарууну тездетүү боюнча чечим кабыл алынды.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...