Акыркы макалалар

Кыргызстандын коопсуздук кызматы: “Тынчсызданууга негиз жок”

“Афганистан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы мезгилде түзүлгөн кырдаал боюнча бизде толук маалымат бар. Абал тынч эле, эч кандай чек араны бузуу фактылары катталган эмес-“, деп билдирди Кыргызстандын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Рахат Сулайманов. “Учурда Афганистан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаал боюнча бизде толук маалымат бар. Абал тынч эле, эч кандай чек араны бузуу фактылары катталган эмес. Анткен менен кошуна өлкөнүн күч органдары тиешелүү даярдыктарды көрүп жатышы түшүнүктүү”,-деп кошумчалады ал.

Акыркы мезгилдеТажикстан менен Афганистан чек арасына 4-5 миң өкмөткө каршы күрөшкөн куралчан топтун топтолуп жаткандыгы тууралуу маалымат тарап кеткен. Аны менен бирге эле кошуна мамлекеттин куралдуу күчтөрү Афганистан менен чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өткөндүгү маалымдалган. Р. Сулаймановдун оюу боюнча “Кыргызстанга сырттан эч кандай коркунуч жок. Биздин да тиешелүү күч органдары алдын ала пландаштырылган машыгууларды өткөрүп жатышат. Тынчсызданууга негиз жок”-, дейтР. Сулайманов.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...