Акыркы макалалар

Эл шайырларын эстен чыгарбайлы

Мындан 10-15 жыл мурун эле айылдарга барып калганда эл чогулган жерде айылдын куту-карыялар (алардын көбүнүн көзү өтүп кетти) калдайган берекелүү тебетейлерин алчыланта кийишип, аксакалдарын жайкалтып, не бир балбандар, баатырлар, актаңдай төкмөлөр, чечендер, күйдүргү айткан куудулдар жөнүндө сөз учугун улашып, бу биздин Ат-Башыда баланча уруудан түкүнчө деген чечен чыккан экен, же баланча уруудан жезтаңдай акын чыккан экен, ал минтип айткан экен, дешип сөз берметин шурудай тизмектетип айтып олтурушаар эле. Алардын далайын уксам да учурунда чыгынып жазып албаганыма азыр өкүнөм. Ошол учурларда эле Ат-Башы элинен чыккан Токтосун, Жумабай, Абылай, Бороончу деген акындар болгонун кулагым чалганы бар. Бирок, сөз кадырын билип, сөздү баалап, барктап, сөз касиетин аздектеп ыр өрмөгүн соккон ошол элдик таланттардын бирин-серин гана эл оозуна айтылып калган жарым-жартылай эки ооздон ырларын укканым болбосо, толук маалыматты бүгүнкү күнгө чейин ала албай келем.

Талантсыз эл-канатсыз куш дегендей өткөн кылымдын акырында ушул кылымдын башында жашап өткөн элдик акындардын бири Токтосун Боогачы уулу болгон экен. Ал черик уруусунун узун калпак тукумунан деп угам. Тээ 1925-жылдары кыргыз фольклорун алгачкы жыйноочусу Каюм Мифтаков Ат-Башыга келип, токтосун акын жөнүндө маалыматтарды жазып, эл оозунан анын ырларын жыйнап кыргыз академиясынын кол жазмалар казынасына тапшырган экен. Ошонун негизинде филология илимдеринин кандидаты С.Байходжаев «Акындар чыгармачылыгынын тарыхын очерктери» деген 1988-жылы чыккан китепче Токтосун Боогачы уулу жөнүндө азыноолак баяндама берген. «Токтосун Боогачиев Ат-Башыдагы черик уруусунун Узун калпак тукумунан чыккан акын»-деп жазат. (Туурасы Узун калпак). Ал эми К.Мифтаков Токтосун ырчыны «1887-жылда дүйнөгө келип, жашынан ырга берилип, айтышуу ырларына Нарын тегерегинен киши чыга алган эмес экен.»- деп жазып калтырган.

Ушундан улам мурда Ат-Башы өрөөнүнө кеңири белгилүү болбогон, ал тургай аты да унутулуп калган бул улуу инсан жөнүндө, кененирээк изилден, анын кандай чөйрөдө, кандай үй-бүлөдө туулгандыгын, чыгармачылык аброюн изилдөө максаты ойго келди.

Чын-чынына келгенде Токтосун Боогачы уулу болжолу (ал 1887-жылы туулуп 1927-жылы дүйнөдөн көчкөн экен) далай-далай ырларды жаратып, өзүнүн учурунда теңдешсиз акын болуптур. 1916-жылкы үркүн жөнүндө көлөмдүү «Качкын» деген ыр жазган экен. Анда Какшаалга качкан элдин жолдогу азап-тозогун сүрөттөптүр.

Ашууда баспай төө калды.

Абышка баспай жөө калды,

Керүүдө баспай төө калды.

Кемпирлер баспай жөө калды,

Жандоодо баспай төө калды.

Жаш балдар баспай жөө калды…

Токтосун акын сабатсыздыгын жойгон, кат тааныган, ырларын кагазга түшүрө билген, кези келгенде ыр нөшөрүн жамгырдай төккөн акын болуптур. Ал акындык көркөм өнөрдү бийик тутуп, ар кыл темаларга кайрылып ыр чыгарган экен. Ал тургай анын «Жаңы заманга карап», «Перизат» деген сыяктуу көлөмдүү ырларды азыркы күндө кыргыз илимдер академиясында сакталып турат экен. Жогоруда айтылгандай Токтосун ырчы жөнүндө иликтей келип, азыркыча айтканда кайсыл айылдан экендиги тууган-уруктары ким, укум-тукуму барбы али бизге белгисиз. К.Мифтаковдун жазып калтырган кол жазмасында Токтосун ырчы тиши ооруп, шишип,аны айыктыруу үчүн алмаз салып, ошондон улам оозу көчүп, кабылдап кетип, жаак эттери чирип түшүп, 3-4 жыл азап чегип жүрүп каза болгондугу айтылат. +лөөр жылдары тили сүйлөбөй калыптыр. Ошондо Чакий Каптагаев деген мугалимге «Жаңы заманга карап» деген ырын жазып бериптир. Балким ушул макаланы окугандар Токтосун ырчынын ким экендигин, же жазып калтырган ырларын, эл оззунда айтылып жүргөндөрүн кабарлашаар деген үмүт чоң. А балким Токтосун ырчынын замандашы Чакий Каптагаев жөнүндө билгендер бардыр?…

Экинчи дагы бир эл шайыры, чукугандай сөз тапкан, тамшакөй, ары куудул, шайыр, шылдыңчыл, какшыкчыл, сөзү мурч, Жумалы Карасарт уулу.

Ал Токтосун ырчы менен замандаш жашап өтүптүр. Айрымдардын айтымына караганда азыргы Терек-Суу айылынан дешет. Кезегинде Жумалынын эл оозунда калган ырлары жазылып алынып, Кыргыз илимдер академиясынын кол жазмалар казынасына тапшырылган. Ал жерде Токтосун акын менен Жумалы акындын аттары чаташтырылып, «Токтосун Красарт уулу» делип жазылып кеткен жерлери да бар экен.

Акын Жумалы Карасарт уулу Токтосундай кара жаак, жез таңдай болбосо да көргөнүн көргөндөй, айрыкча бирөөнүн кемчилдигин таамай келтире сүрөттөгөн, таасын, так сүйлөгөн акын болуптур. Маселен, Кеңеш өкмөтү жаңы орногондо кедейлердин эркиндик алгандыгын, аялдардын теңдикке жеткендигин мактап ырдап, мындай деген экен:

Урияттын закүнүн,

Билген катын жашасын.

Байдан чыгып кедейге,

Тийген катын жашасын!

Жумалы Карасарт уулунун айылдан чыккан бекерпоздорду, жел таман аялдарды, бирөөнүн эмгегин жеген митайымдарды чукугандай сөз таап ырдаган учурлары көп эле болгонун, ал түгүл алардын айрымдары ооздон-оозго өтүп, азыр да Терек-Суу айылында жашаган улуу муундардын өкүлдөрүнүн өз оозунан кулагым чалганы да бар.

«Туура сөздө тууган жок» дегендей бизге ысык-суугу жок. Болгонду болгондой айтканыбыз оң. Учурунда эл шайырларынын оозунан чыккан алтындай баалуу, жан жыргаткан ырларды кагазга түшүрүлүп калбагандыктан оозмо-ооз айтылып, айрымдары унутулуп, кээ бир ырлардын саптары бирде Казыбектин казалдарына кирип кетсе, бирде элдики болуп кеткен учурлары кездешет. Маселен, Акталаалык акын +. Дөлөевдин «Казыбегим кайрылбаган каркыра» деген даректүү баянында акын Жумалы Карасарт уулунун бир эки ооз ыры Казыбектики делип кирип кетиптир. Ыр жаратууда Казыбек акындын өзүнүн манерасы, стили башкалардан өзгөчөлөнүп, бир окуган кишиге эле байкалып турат. Ал эми кайсыл бир камалганында Казыбек сотто сүйлөгөн сөзүндө:

«Арак» деп ичип сиркени (уксусту)

Күпчөктөй болгон кээңги.

Минткидей мени душмансып,

Минбепмин сенин бээңди.

Ушунча айбан экенсиң,

Урайын сенин мээңди –деп айтылат. Казыбек акын жаратылышынан бирөөгө катуу айтпаган, жаны кашайып турса да мынчалык курч сөз оозунан чыкпаган, жайдары, сыпаа адам болуптур.

Бул ырдын жаралыш тарыхы башкача! Кезегинде Жумалы акын Ат-Башы калаасында жакын көргөн теңтушу арак деп бирөөдөн уксус сатып алат да Каңдыбайдын токоюна барганда ичип, эси ооп турбай калат. Анын уксус ичип алгандыгын билген Жумалы атка миңгизе албай жатып ушул ырын айткан экен. Чын-чынына келгенде мас болгон теңтушуна бир чети ачуусу келип бул ырын мындан да курчураак, одонороок ырдаптыр. Акындын мындай ырлары тар чөйрөлөрдө азыр да көп эле айтылып жүрөт. Демек, акын, сатирик Жумалы Карасарт уулунун эл оозунда калган ырларынын көпчүлүгүнүн уйкашы, ыр түзүлүшү бири-бирине түзпөлдөш. Алар калемпир, мурчтуу.

Үчүнчү эл шайыры, жамакчы акын Борончу Үркүнчү уулу. Ал да кезегинде бир айыл элдин эрмеги болгон. Көргөнүн жаземдебей көркөмдөп ырга салган. Ал да азыркы Терек-Суу айылынан. Борончу акындын балдары, небере-чөбөрөлөрү бар деп угамын. (Ал жөнүндө кийинчерээк кенен сөз болот.)

Дагы бир жорго сөздүү санатчыл, Бороондулук (Ак-Муз айылы) Абылай деген болуптур. Бул киши Калыгул, Арстанбек сыяктуу келээр-кетээр турмушту айтып, санат ырларын саймедиреп олтурар эле дешет. Абылай санатчынын илимдер академиясынын кол жазмалар казынасында бир катар санаттары бар экен. Алардын биринде

«Камгак учат жел менен,

Кар бузулат сел менен.

Айт, айт десең муну айтам,

Адамдын баарын кубантам.

Жамандын ичи күйгөндөй,

Жакшынын ичи сүйгөндөй.

Жарым акыл боз балдар,

Калабы бизден үйрөнбөй» -деп айтылат.

Бул чакан макалада Ат-Башы өрөөнүнөн кечээ жакында эле чыккан, бирок элге кеңири тарабай калган айрым акындар жөнүндө үстүртөдөн учкай даректүү баян айтылды. Эстен чыгып бара жаткан эл шайырлары жөнүндө көпчүлүктүн көңүлүн буруп, кеп козгоо ушуну менен чектелип калбайт. Талаштан тактык жаралат дегендей таланттуу инсандар жөнүндө уккандар, көргөндөр, билгендер, укум-тукумдары болсо алардын эл оозунда жүргөн чыгармаларын кагаз бетине түшүрүп өмүр баяндарын толуктап, райондук «Ат-Башы жаңылыктары» гезитинин жамаатына кабарлап турушса жаман болбос эле.

Анткени, «жер тамырынан эл тамыры көп» дегендңей көзү өткөн Атбашылык элдик шайырлардын эмгектерин элдин оозунан чогултуп, ирээтке келтирип, нукка салып, алар жөнүндө жазып, өзүнчө топтом түзүп элге тартууласак Атбашылыктар үчүн эле эмес жалпы кыргыз элинин руханий казынасына баалуу салым болмокчу.

Сизден кат күтөбүз, урматтуу окурман.

Тынчтык Султанов

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...