Акыркы макалалар

“Шабдан баатыр” тарыхый фильмин тартуу боюнча тиешелүү чара көрүү тууралуу тапшырма берилди

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтовдун кайрылуусу (“Шабдан баатыр” тарыхый фильмин тартуу жөнүндө) каралды.

Кайрылууда Т.Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясына мамлекеттик тапшырык боюнча тартылуучу “Шабдан баатыр” эки сериялуу толук метраждуу көркөм тарыхый тасмасынын өндүрүшүнө 70 млн. сом өлчөмүндө чыгымдарды киргизүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылган.

Жыйындын жүрүшүндө КР Өкмөтү тарабынан 2014-жылдын 31-декабрында Каржы министрлигине бул тасманы тартууга 80 млн. сом бюджеттик каражат бөлүп берүү маселесин карап чыгуу тапшырылганы белгилүү болду. Ошону менен катар тасма тартууга даярдык иштерине 10 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнүп берилгендиги айтылды.

Комитет мүчөлөрү суралган каражат жаңы заманбап техникаларды алууга, кино эпизоддоруна тиешелүү кийимдерди тиктирүүгө жана башка уюштуруу иштерине жумшалаарын такташты. Депутат Элмира Иманалиева дегеле кино прокаттарынан түшкөн каражаттын ачык-айкын болушун шарттоочу ченемдик-укуктук документ иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи.

Жыйынга катышып отурган өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Медер Жусупов өкмөт өзү чыгарган токтомун ишке ашыра тургандыгын, тагыраак айтканда, сөз болуп жаткан кино жыл соңуна чейин каржыланаарын билдирди.

Соңунда депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен КР Өкмөтү менен Каржы министрлигине “Шабдан баатыр” тарыхый фильмин тартуу боюнча тиешелүү чара көрүү тууралуу тапшырма берилди.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...