Акыркы макалалар

125 жашка чыккан карыга колдоо көрсөтүлдү

125 жашка чыккан карыга колдоо көрсөтүлдү

8-март аялдардын эл аралык майрамынын алдында Коомдук биринчи жана “ЭЛТР” каналдарынан Тоң районунун Ала-Баш айылынын тургуну Ракыя Бөлөкбаева аттуу апанын кейиштүү тагдыры тууралуу уккандардын жан дүйнөлөрүнө бүлүк салган телематериал узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына чейин жетти.

Кыскасы, Ракыя апанын 1888-жылы туулгандыгын, демек анын жашы 125ке жеткендигин, 40 жылдан бери абышкасынын жалгыз сүрөтүн тиктеп жалгыз бой жашап жаткандыгын кабарлаган тележурналисттердин билдирген сенсациялуу маалыматы көпчүлүктүн зээнин кейитти. Бул кабарды уккан эмгек ардагери, заманында партиянын Ысык-Көл областтык комитетинин 3-катчысы болуп кызмат өтөгөн Клара Орозалиева атайын Бишкектен телефон чалып, “журналисттер үчүн 125ке чыккан карынын өмүр таржымалын иликтеп жазуу кызык болсо керек. 3 кылымды көргөн мындай кары дүйнөдө жок чыгаар. Ал кишинин тагдырын угуп бир күн кечке ыйладым. Жайында атайын Ала-Баш айылына барайын деп турам. Колумдан келген жардамымды беремин. Ичээр тамагы да жок турбайбы, кечке карандай суу, каткан нан жеген кантип болсун!”,-деп Ракыя апанын ал-жайын сураштырууну өтүнгөн эле.

125ке чыкса да Ракыя апанын баскан-турганы тың, сүйлөгөнү орундуу экендиги көпчүлүгүбүздү таң калтырганын да жашыргым келбейт. “Ашыкча тамак ичүү туура эмес экен, карандай суудан өткөн дары жок окшойт. Холестрин ж.б. ашыкча майлар ден соолукка зыян тура. Ракыя апа күчтүү тамак ичпей, күн сайын “диета” кармаганы үчүн 3 кылымды көрдү да. Акыл-эси да ордунда экен, “жер титиресе тамым мени басып калбайбы”,-деп жатпайбы.“Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдөгү эң көп жашаган адамдардын алдыңкы сабында турган апаны эми алаканыбызга салып алалы” эл арасында мына ушундай пикирлер айтылды.

Ракыя Бөлөкбаева апага кандай жардамдар берилээрине, Гиннес китебине кирүүчү карынын мындан аркы тагдыры кандай болооруна кызыккандардын көп экендигин тастыктап, Тоң райондук мамлекеттик администрация башчысы Бакыт Рыспаевге кайрылдым. Акимдин айткандарына караганда, кыска убакыттын ичинде эле Ракыя апа жашап турган үй үстүртөн болсо да ремонттолуп, үй-тиричилигине керектүү эмеректер сатылып берилген. Жатканга ыңгайлуу асты жумшак диван, килем, идиш-аяк, электр плиткасы, кыскасы апага кызмат кылчулардын бардыгы жеткирилди. “Тоң району боюнча жашы 100дөн ашкан 11 кары адам бар, бул расмий түрдө такталган маалымат. 125ке чыккан карынын бар экендигин укканымда аябай таң калдым. Р.Бөлөкбаева тууралуу мурда-кийин эч маалыматым жок болчу. Бир кылымдан ашуун өмүр кечирген адамдын бар экендиги тууралуу маалымат бизге жетпегендигин, ал аз келгенсип апага эч кандай социалдык колдоо көрсөтүлбөгөндүгүн билгенимден кийин социалдык тармакты тейлеген жетекчилерди ээлеген кызматтарынан бошотоюн деп ойлогом. Көрсө, Ракыя апанын документи менен анын абышкасынын мурдагы кемпиринин документи алмашып жазылып калыптыр. “Р.Бөлөкбаева 1888-жылы туулган” деген документине апа өзү деле анча маани берген эмес көрүнөт. Сураштырсак апа 90го чыгыптыр. Ал жакында эле Балыкчы шаарындагы кызыныкынан келиптир, кышкысын кызынын төрүндө болот экен. Ала-Баш айылында дагы бир уулу бар экендиги такталды. Гиннес китебине киргизүү керек деген пикирлерди жараткан тележурналисттер кары кишинин айткандарына ишенишсе керек. Бирок кандай болгон күндө да биз апага мындан ары колдоо көрсөтүп, жардам берип турабыз”,-дейт Б.Рыспаев.

ШЕЙШЕКАН ЖАНАЛИЕВА, ЫСЫК-КӨЛ

15.03.2013, №10

скриншот: ktrk.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Пикирлер

  • kumushaika2013 @ 27.02.2014 @ 12:16

    ах чиркин омур, отот туура кайрылбастан..........