Акыркы макалалар

Депутат: КРде жөлөк пул алыш үчүн ата-энелер балдарына ВИЧ дартын жуктурууда

Кыргызстанда айрым ата-энелер жөлөк пул алыш үчүн өз балдарына атайлап ВИЧ дартын жуктуруп жатат. Мындай билдирүү менен кечээ, 25-майда парламенттин бюджет жана каражат комитетинде КСДП фракциясынан депутат Заирбек Жоошбеков чыкты.

Ал өзүнө ушул өңдүү бир нече учур белгилүү экенин айтты. Эл депутатынын пикиринде өлкө түштүгүндө баңги чеккен ата-энелер өз балдарына оорунун вирусу жуккан шприц менен сайып, 3 миң сом жөлөк пул алыш үчүн атайылап дартты жуктурушкан. Мындай ата-энелерди жоопкерчиликке тартуу мүмкүн болбой жатат.

"Биз эми бул балдардын ден соолугун эч качан калыбына келтире албайбыз. Бүгүн ВИЧ дартын жуктуруп алган балдардын жөлөк пулун жогорулатуу жөнүндө айтылды. Бул албетте жакшы идея, бирок акчага карап балдарга оору жуктуруу учурларын алдын алыш үчүн башкача жол менен иш алып барышыбыз керек",-деп белгиледи ал.

Эскерте кетсек, комитет аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына ай сайын берилчү 650 сомдук жөлөк пулду 850 сомго чейин жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун караган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...