Акыркы макалалар

2014-жылы 805 тонна балык кармалган

Расмий маалыматтарга таянсак, 2014-жылы 805 тонна балык, ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча 2000 тоннанын тегерегинде балык кармалган. Айрымдар бул көрсөткүчтү 100 миң тоннага жеткирүүгө шарттар бар экенин айтышууда.

"Бирок бизде балык уулоо менен аква маданиятынын жетишсиздиги буга тоскоолдуктарды жаратат. Анткени 2003-2013-жылдарга чейин балык уулоого мораторий жарыяланган. Мораторийдин мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу бүгүн биз аны жокко чыгаруунун үстүндө иштеп атабыз. Биз коомчулукка жана мыйзамсыз балык кармоочуларга садок ыкмасын сунуштап жатабыз. Ошондой эле территорияларды шарттуу түрдө жергиликтүүлөргө бөлүп берүү каралууда. Буга ылайык, жаңы токтом кабыл алынуусу керек" - дейт Балык чарба департаментинин директору Самарбек Күчүков.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...