Акыркы макалалар

Өкмөт жер көчкүдөн жабыр тарткандарга 440 миң сом бөлдү

Өкмөттүн резервдик фондунан Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Кыр-Жол айылында болгон табият кырсыгынан жапа чеккендерге 440 миң сом бөлүндү. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчысы Темир Сариев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, кырсыктын кесепетинен каза тапкан үй-бүлөлөрдүн жакындарына 50 миң сомдон, ал эми жер көчкүдөн жабыркагандарга 20 жана 10 миң сомдон бөлүнөт.

Каражатты бөлүп берүү вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин жетекчилиги астында түзүлгөн штаб тарабынан жүргүзүлөт. Аталган штаб учурда кырсык болгон жерде иш алып барууда.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...