Акыркы макалалар

Коррупциянын “Булактары”

Коррупция менен күрөшүүдө Президентибиз А.Атамбаев баш болуп, Баш прокуратура төш болуп, өлкөдө бул багытта жакшы эле иштер жүрүп жатат. Мурда торго “чабактар” түшүп жатса, кийин “акула”, “киттер” түшө баштады. Кезинде качкын президент жемкорлук жетинчи кабатка жеткенин моюнуна алганы бар. Жөргөмүштүн желесиндей торун кенен жайган, каныбызга биротоло сиңип калган бул дарт менен күрөшүү чынында эле кыйынга туруп жатканын көрүп-билип жатабыз. Ошондой болсо дагы “муз” жылып, артка карай жол жок экендиги көрүнүп калды.

Негизи коррупция кайдан чыккан, эмнеден пайда болгон деген суроого иликтөө жүргүзүп көрөлү. Көрсө адамзат бул илдет менен энесинин курсагында түйүлдүк болуп жаралгандан жалган дүйнө менен кош айтышканга чейин “ооруйт” экен. Эмесе сөз башынан болсун.

Пролетариаттын улуу жол башчысы В.Ленин айтыптыр: “Сүйүү-бул эки макулуктун баш кошуусу, үчүнчү макулуктун пайда болуусу” деп. Ошол макулук эненин курсагында пайда болгондо эне барып ооруканага эсепке турат эмеспи. Жаш ата-эненин кубанычтары койнуна батпай турса, кур кол кантип барсын, баштык-үштүгүн көтөрүнө барат да. Тогуз ай көтөрүп толгонуп, ай күнүнө жеткенде наристе жарык дүйнөгө келет. Байкуш ата берээрге ашын таппай, сүйүнчүсүн, көрүндүгүн, жентегин көтөрүнүп алып, төрөт үйүн майрамга айландырат. Баягы ымыркай эки-үч жашка чыкканда энеси иштеш керек, баланы бала бакчага жибериш керек. Ал жакта кезекте тургандар толтура. Эмне кылсак? А, жолу табылды. Пул оролгон кичинекей түйүнчөгүн көтөрүнө жөнөйт. Антип-минтип убакыт закымдап, наристенин мектепке бара турган маалы да келет. Тажрыйбалуу, жакшы окуткан мугалимге жаздырыш зарыл. Буга дагы кичинекей түйүнчөктүн жардамы тиет. Он бир классты бүткөнчө башталгыч класстын мугалимине, класс жетекчиге байкуш ата-эне ташынып жатып бүтөт. Алтын шакек, цепочка быякта калсын кир жуучу машинесин, килем-силеминен бери жеткирет.

Жетилүү аттестаты колго тийгенде баягы макулуктун баасы көтөрүлө баштайт. Мурда сом менен сүйлөшүп жүрсө, жогорку окуу жайына өткөрүш үчүн доллар менен сүйлөшө баштайт. Беш жыл окуп бүткөнчө контрагынан сырткары экзамен, зачеттору үчүн паралап жатып, жыртык ич кийимчен калат байкуш ата-эне. Окууга өтүп кетсе жакшы.+тпөй калса Мекенди коргоо деген ыйык милдетти өтөш керек. Ал жакта “дедовшина” деген балээ бар. Эмне кылыш керек? Баягы түйүнчөк жардамга келип, армиядан алып калат, же дарыгерди, же аскер комиссариатынын кызматкерин паралап.

Жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин баланы жумушка орноштуруу зарыл. Кызматтын даражасына жараша “койлук”, “тайлык”, “уйлук” ж.б түрлөрү бар. Аларды бербесең балаң жумушсуз деген статус алат да ишке жайгаштыруу бөлүмүнө эсепке турат. Кечке эле бир орунга олтура бермек беле. Тепкичтен тепкичке көтөрүлүш керек. Алардын бардыгынын ставкасы бар. Баланын жетекчилик дарамети болсо дагы алдыга жылыш керек. Ал үчүн сунуш берген жерге, сунуш алган жерге, тесттен өткөн жерге “сугунтуш” зарыл. Мекеме жетекчиси болуп калса, аны тооругандар толтура. Аудит, эсеп палатасы дегендер бар. Алар мынча “кусок” бересиң деп ачык эле айтышат. Анда-санда күч органдары баш бага калышат. Аларды жакшылап “узатышың” керек. Аларга бергендердин ордун толтуруш үчүн балаң да ала баштайт. Кечке эле бере берсең кандай болот. “Бергендин алганы болот” деген жакшы кеп бар эмеспи.Ошентип, химиялык реакция бири-бирине туташып кете берет. Мекеме жетекчисине жеткенден кийин идиреги болсо айыл өкмөттүн башчысы, же аким болгусу келет. Оо, анда “эл шайлаган өкүлдөрдү” колго алыш керек. Ар бирине бирден тай, же топоз убада кылбасаң ойт берип кетиши ыктымал. Анткени, кезегинде алар да шайлоочуларды сыйлашпады беле, арак куюп, дасторкон жайып. Андан кийин губернатор, министр деген сыйлуу орундар бар. Пай-пай, бул жылуу орунга жетиш үчүн тууган-туушкандарыңды жардамга чакырбасаң, ал жак өтө эле кымбат.

Саясатка аралашып, бийик даражалуу депутат болом десең, взносуңду төлөп, саясий партиянын бирөөнө өтүшүң керек. Взносуңа жараша тизменин башына же башка жагына илинесиң. Депутат болуп алсаң бүттү сага эч ким тие албай калат. Депутаттык кол тийбестик деген бар. Казынага тереңирээк кол салып жиберсең кызматташтарың бар, карга карганын көзүн чукумак беле.

Айтор, паракорлук, жемкорлук жөргөмүштүн желесиндей эле болгон жердин баарына торун жайып салыптыр. Мурда “пара бергенче бара бер” деген жакшы кеп бар эле. Эми бул “бара бергенче пара бер” деген накыл сөзгө алмашты. Бара бергенден майнап чыкпай калды. “Эртең кел”, “Бүрсүгүнү кел” менен кайран убактың өтө берет. Пара бере калсаң сенин жумушуң биринчи бүтөт. Бербесең сандалып жүрө бер.

Биз жогоруда жемкорлуктун бир аз эле бөлүгүн санадык. Акыл калчап, жакшылап карап көрсөк бул дарт кадам сайын кездешет. Көрсө буга өзүбүз эле көндүрүп, өзүбүз эле каратып туруп жасайт экенбиз. Жакшылык нерселер болуп жатса ичибиз элжиреп өзүбүз эле бергибиз келе берет экен. Берип жатсаң ал албай коймок беле. Мыйзамды биринчи өзүң бузат экенсиң. Мыйзам боюнча берген киши да жоопко тартылат, аны деле билебиз.

Серепчилердин айтымында коррупция эң гүлдөгөн тармак бул-энергетика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагы болуп чыкты. Андан кийин күч органдары, андан кийин тиги тармак, бул тармак болуп кете берет. Бул илдетке чалдыкпаган бир да тармак жок. Ушулардын бардыгын ооздукташ Президенттин, Баш прокуратуранын колунан келбейт. Буга бардык коомчулук кийлигишпесе кыйгак чөптөй тамырын кеңири жайып бара жаткан коррупцияны жоюу мүмкүн эмес. Биринчи өзүбүздөн башташыбыз зарыл. Жөндөн жөн эле берейин деген “берешендигибизди” токтотушубуз керек. Жөндөн жөн эле алайын деп жаткан немени көрмөксөн болбой ашкерелешибиз керек. Ошондо коррупцияны жоюуга аз да болсо салымыбызды кошкон болобуз!

М.Козубеков

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...