Акыркы макалалар

Оштогу катуу шамалдан келтирилген чыгым 2,5 миллион сомдон ашты

Ош облусунда катуу шамалдан улам келтирилген чыгым 2,5 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу ӨКМ кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, катуу шамалдан улам Ош облусунун Араван, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун тургундары жабыркашкан. Жалпысынан облус боюнча 4232 шиферди шамал учурган. Мындан улам келтирилген чыгым 2 миллион 692 миң сомду түзгөн. Учурда министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен 1250 шифер Кура-Кулжа районуна жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 21-май күнү саат 17:00 чамасында Ош облусунун аймагында катуу шамал болгон. Анын ылдамдыгы секундасына 25-28 метрге чейин жеткен болчу.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...