Акыркы макалалар

Ысык-Көлдүн продукцияларды дүйнөгө жайылтуу үчүн атайын программа даярдалууда

Ысык-Көлдүн продукцияларды дүйнөгө жайылтуу үчүн атайын программа даярдалууда

Ысык-Көлдө өндүрүлгөн продукцияларды дүйнөлүк рынокко жайылтуу үчүн атайын программа даярдалууда. Бул тууралуу журналисттердин үчүн уюштурулган пресс-турда өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча атайын өкүлү Эмилбек Каптагаев билдирди.

Анын айтымында, былтыртан бери облуста мөмө-жемиш багытында экономикалык кластерди өнүктүрүү боюнча чоң долбоор камдалып жатат. Бул долбоордун алкагында өткөн жылы июнда тамчылатып сугаруучу системаны киргизүү боюнча республикалык семинар өткөрүлгөн.

"Быйыл тамчылатып сугаруунун аянты абдан эле кеңейди. Көп адамдар ошол багытка өттү. Экинчиден былтыртан бери облустун ар бир районунда мөмө-жемиш өстүргөн багбандардын ассоциациясы түзүлдү. Облустук ассоциация дагы негизделип, алардын күчү менен мамлекеттик деңгээлдеги мөмө-жемиш кластерин калыптандыруу, аны алдыга жылдыруу боюнча атайын бир программа даярдап жатабыз. Бүткүл дүйнөдөгү экономикалык өнүгүү акыркы 15-20 жыл ичинде кластердик стратегиянын негизинде ишке ашып жатат. Мунун артыкчылыгы аймактык өндүрүштү жана өндүрүүчү күчтөрдү жайгаштырууда. Аймактык, агрардык жана өнөр жай комплекстерин түзүү болуп саналат. Дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин экономикасы кластердик саясат багытында жүргүзүлгөн. Биз дагы ушул багытта чоң демилге кылып жатабыз. Эгерде өкмөт колдоп берсе Ысык-Көл облусун кластердик стратегияларды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча пилоттук аймак карары бөлүп, экономиканы кластерлөө боюнча чоң иш баштасак деген ойдобуз. Программаны бекитип баштап алсак 5 жылда кластерлердин негизи түзүлүп, 10 жылда аймактык жана дүйнөлүк базарга өзүбүздүн азык-түлүк, мөмө жемиш менен чыгуу мүмкүнчүлүк болмок",- дейт Каптагаев.

Атайын өкүл экономикалык кластерди облуста ишке ашырууга КАРАГАТ+ программасынын кошкон салымы абдан чоң экендигин баса белгилеп кетти. 3 жылдан бери иштеп келе жаткан бул долбоор облус үчүн абдан чоң тажрыйба полигону болгон. Анткени долбоор аркылуу багбанчылык, мөмө-жемиштерди өстүрүү боюнча элге туура багыт берилип, багбандарды окутуу, питомниктерди түзүү, сортторду жаңылоо иштери жүргүзүлгөн.

"КАРАГАТ+ программасынын алкагында ушул компоненттердин бардыгы тажрыйбадан өттү. Кошумча программанын негизинде күнөсканалар салынды. Андан тышкары мөмө-жемиштерди кайра иштетүү маселелери каралууда. Бул абдан чоң долбоор. Үгүт насыят жагынан алганда 2 жыл катары менен КАРАГАТ ФЕСТ фестивалы болуп өттү. Бул мөмө жемиш багытындагы ишкердикти жайылтуу болуп саналат. Ысык-Көл облусу кудай берген артыкчылыктарга ээ. Муну эч ким талаша албайт. Бул жакта өскөн жемиштер өзгөчө бааланат. Андыктан ошол табигый артыкчылыктарды пайдалануу менен биз өзүбүздө өндүрүлгөн продукциянын атаандашуу артыкчылыгын күчөтүшүбүз керек. Ал үчүн мамлекеттик саясат, мамлекеттик колдоо зарыл. КАРАГАТ+ программасынын негизинде бир топ адамдын көзү ачылды. Бир топ адам окуудан өттү. Мына ушул кластердик саясаттын башталышына түрткү болгон Карагат+ программасы болду",- деди ал.

Программанын негизги максаты-табигый артыкчылыктарды пайдалануу менен аймактардагы мөмө-жемишке бренд түзүү. Аларды дүйнөлүк рынокко алып чыгып, облустун экономикалык жана социалдык өсүүсүнө көмөктөшүү. Учурда облус жетекчилиги бул экономикалык кластерди өнүктүрүү багытта атайын программа даярдоодо. Ал июнда өкмөттүн кароосуна коюлат. Буга негиз боло турган эт-сүт кластери болуп саналат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн дүйнөлүк банк жардам берүүдө. Алардын каржылоосу менен сүттү өндүрүү, сатып алуу, сактоо, кайра иштетүү, чыгарылган продукцияны чет мамлекеттерге сатуу, атаандаштыктын жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү боюнча чоң иштер жүргүзүлөт. Долбоор 5-10 жылда калыптанып, өз максатына жетет тургандыгын айтышууда.

"Анткени ага көп аракет жумшашыбыз керек. Өзүбүздүн продукцияны дүйнөгө чыгаруу үчүн эң биринчиден дүйнөлүк кардарлар анын тазалыгына ишениши керек. Ал үчүн Кыргызстанды мал оорусу, өсүмдүктөр оорусунан алдын алуу шарт. Бизден чыгарылган продукциянын тазалыгына дүйнөлүк коомчулук ынанышы керек. Ошондуктан биз сүт багытындагы долбоорду 5 жыл ичинде облуска жайылтып, малдын идентификациясын толук жүргүзүп, ветеринардык кызматтарды күчөтүп, 5 жылда сүт-эт кластерин түзөбүз деген ойдобуз. Буга ишенчи чоң. Анткени каржы булагы бар. Дүйнөлүк банк 30 млн доллардын тегерегинде каражат бөлүп жатат. Долбоордун негизги дизайны бүтүп калды",- дейт Каптагаев.

Ошондой эле облуста мөмө-жемиш долбоору дагы даярдалууда. Анткени 3 жылдан бери бул багытта иш алып барып келе жаткан КАРАГАТ+ программасынын негизинде тармакты өнүктүрүү мүмкүндүгү тууралуу аларда ишенүү пайда болгон.

"Эл дагы бул тармакка жакшы көңүл бурууда. Мурда Балыкчынын тегереги какыраган таш болчу, азыр бут коё турган жер таппайсың. Жердин барына бак отургузуп, өрүк өстүрүлүп жатат. Жайыт катары турган жерлерди иштетишип, учурда гектарына 500-600 миң сом киреше алып жатышат. Бул абдан чоң киреше. Андай кирешени төө буурчак жана картошка дагы бербейт. Учурда алчанын ар кандай түрлөрү алынып келип отургузулуп жатат. Карагаттын 10дон ашык сорту текшерүүдөн өттү. Мөмө-жемиштердин аянты кескин көбөйүп бара жатат. Учурда 8,5 миң гектар мөмө-жемиш бар. Муну 10 жыл аралыгында 60 миң гектарга жеткиребиз деп жатабыз. Жерлердин бардыгы инвентаризациядан өткөн, алардын көпчүлүгү тамчылатып сугаруу менен камсыз болушу керек",- дейт чиновник.

Облус жетекчилиги пландап жаткан кийинки чоң кластер жаңы технологиялар, дары чөптөр тармагын жандандыруу болуп саналат. Учурда долбоордун концепциясы даяр болуп калган.

"Бизде табият берген дары чөптөр көп. Учурда аларды колго эгип өстүрүү башталды. Түп районунда 200 гектарга солодка жана башка дары чөптөр айдалып жатат. Мурда жоюлуп кеткен даары чөптөрдү өстүрүүчү "Арашан" ишканасы кайрадан жанданып келе жатат. Ушул тажрыйбаны пайдаланып, даары чөптөрдөн продукцияларды, ар кандай кошулмаларды, чайларды, сиропторду чыгаруу боюнча долбоорду пландап жатабыз. Ошондой эле туризм, тоо лыжасы кластери боюнча эки жылдан бери атайын топ өкмөттүн токтому менен иштеп, негизги концепциясын даярдап койду. Учурда дарылоо жана кайра калыбына келтирүү боюнча өзүнчө кластер негизделүүдө. Жалпы жонунан облуста 8 же 9 кластердин башын баштап, концепцияларын камдап жатабыз. Бул келечектүү иш. Анткени бизде дүйнөлүк экономиканын алиппеси болгон артыкчылык бар. Ысык-Көлдөгүдөй жаратылыш шартын кол менен жасап алуу мүмкүн эмес. Эми ошол артыкчылыктан пайдаланып, мөмө-жемиштерибизди дүйнөгө таанытышыбыз керек. Бул багытта бизде атаандашууга мүмкүнчүлүк бар",- деди Эмилбек Каптагаев.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...