Акыркы макалалар

Баткен районунун Ширеш айылынын эли Сох анклавы аркылуу өтүүчү жолду жабууну талап кылууда

Баткен, 21-май /Фатима Убайдуллаева-Кабар/. Баткен районунун Ширеш айылынын тургуну 12-май күнү Сох анклавындагы өзбек чек арачыларынын колунан каза болгондугу буга чейин маалымдалган болчу. Ошол окуядан кийин аталган айылдын тургундары чек арадагы көйгөйлөрдү көтөрүшүп жергиликтүү бийликке чечип берүү талабын койгон. Мындан улам чек арадагы эл район акими Кеңеш Салихов менен жолугушту.

Өзбек -кыргыз чек арасында болгон окуядан кийин Ширеш айылынын тургундары жергиликтүү бийликке нааразычылыгын айтып, көптөгөн жылдардан бери чечилбей келген социалдык маселелерди көтөрүп райондук бийликке аны чечип берүү талабын койгон.

Чек арадагы окуя боюнча учурда өзбек тараптын укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын район акими Кеңеш Салихов айыл тургундарына билдирди.

«Бул окуя толук иликтенип бүтмөйүнчө Сох анклавына баруучу жолду жабуу керек»-деген талабын айылдык кеңештин депутаты Ибрагим Гайназаров айтат.

Ширеш айылы Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш тургандыктан суу айылга Өзбекстандын аймагынан келет, мындан улам өзбек тарап сууну каалаган мезгилде бербей коет. Бул маселени да район акими айылга көз карандысыз суу алып келүү жолун чечээрин айтты.

Чек арадагы эл райондук бийлик менен болгон жыйында чек арага байланыштуу бир катар көйгөйлөр тизмектелип айтылган соң, алардын айрымдарын чечүү аракетин тездетүүгө бийлик өкүлдөрү убада беришти.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...