Акыркы макалалар

Айылдашын атып өлтүргөн айыл өкмөт башчынын ордуна 23 жаштагы бала иштеп жатат

Айылдашын атып өлтүргөн айыл өкмөт башчынын ордуна 23 жаштагы бала иштеп жатат

Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Дөбө айылынын башчысынын милдетин 5-курста окуп жаткан 23 жаштагы студент Аман Түгөлбеков аткарып жатат.

Улуттук университеттин Экономика жана финансы институтунда окуп жаткан Аман Түгөлбеков 22-апрелде Жумгал районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалганы туурасында Sputnik маалымат сайтынын кабарчысына өзү билдирди.

Түгөлбековдун айтымында, анын талапкерлигин айыл өкмөттө иштеген эмгек жамааты көрсөткөн.

"Талапкерлигимди эмгек жамаатым колдоду. Буга чейин айыл өкмөттө салык инспектору болуп иштечүмүн", — дейт ал.

Түгөлбеков учурда Улуттук университеттин экономика жана финансы институтунда бешинчи курста окуп жатканын кошумчалады.

Жумгал райадминистрациянын аппарат жетекчиси Бакыт Жээналиев Таш-Дөбө айылынын мурдагы айыл башчысы Надырбек Бийсеев айылдашын атып алгандан кийин ордуна Кубатбек Бектуров дайындалганын райондук администрациянын аппарат жетекчиси билдирди.

"Айыл башчысы кырсыктагандан кийин анын милдетин аткаруучу болуп Кубатбек Бектуров дайындалган. Эки айга жакын иштеп, бирок, өз каалоосу менен ишти өткөрүп берген. Анын ордуна Аман Түгөлбековдон башка ыңгайлуу талапкер болбогондуктан, ал убактылуу айыл өкмөт башчысы болуп дайындалган ", — деди Жээналиев.

Мурдагы айыл өкмөт башчысынын иши боюнча сот акыркы чечимди чыгарганга чейин 23 жаштагы Аман Түгөлбеков Таш-Дөбө айылын башкарып турат.

"Соттун чечими чыгыш керек. Мурдагы айыл башчыны жумуштан бошотулсун деген сунушун бериш керек. Сот кандай чечим чыгарат биз билбейбиз", — деди райондун аппарат жетекчиси.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...