Акыркы макалалар

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу жарылууга дуушар болууда

Нарын, 19-май /Күмөндөр Усупов-Кабар/. Ат-Башы районунун акими Жакып Субакожоев Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Ат-Башы районундагы кайрадан жасалып чыккан жерлеринен жарылуу пайда болгондугун ЖКнын эларалык иштер боюнча Нарын шаарында болгон көчмө жыйын учурунда айтып чыкты.

-БНТ жолу жасалганы менен айрым жерлеринде тереңдиги 21-22, туурасы 7-8 сантиметрге чейин жарылуулар болуп жатат. Жазбаган жерибиз калбады. Жооп да жок. Экинчиси, биздин райондун аймагында 2 асфальт завод бар. Анын бирин районго калтырса болобу,-деп суроо салды Ж.Субакожоев.

-БНТ жолу кабыл алына элек. 20 сантиметр эмес, 2 метрге чейин жарылган жерлер бар. Азыркы учурда жолдун жарылууларын иликтеген атайын курам түзүлгөн. Быйыл аныктап чыгышат. Ал эми асфальт заводдор болсо ошол компаниялардыкы. Бирок ар бир райондо чоң болбосо дагы, чакан асфальт заводдор болушу керек,-деген жообун келтирди Унаа жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу долбоорунун деректири Кубанычбек Мамаев.

-Же силер кайсы жерден суу чыгарын учурунда жакшы караган эмессиңер, дренаж казылбаган, же ал жарылган жерлерден табыгый жаракалар кеткен. Бул деген миллиондогон каражатты шамалга чачуу дегендик. Ал үчүн Калыкбек Султанов юридикалык жактан жооп бериши керек болчу,-деп билдирди ЖК депутаты Жылдыз Жолдошова.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...