Акыркы макалалар

ИИМ: Камчы Көлбаев менен Алмаз Бокушевдун ортосунда криминалдык чатак жүрүүдө

Криминалдык чөйрөдө Камчы Көлбаев менен Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ортосунда криминалдык чатак жүрүп жатат. Бул тууралуу 18-майда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азамат Ногойбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандагы крималдык дүйнөдө Бокушев менен Көлбаевдин тобунун ортосунда таасир берүү чөйрөсү үчүн кармаш жүрүп жатат. Бул чатактардан улам Бишкектеги "Жал" кичи районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Дамир Сапарбековду атып кетишкен. Ал бир аз мурда гана эркиндикке чыккан, бирок ага дароо кол салышкан.

"Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Сакал аттуу каймана аты бар Улан Токтосуновго, мындан тышкары Замирбек Алиевге жана Кайрат Токушевдерге издөө жарыяланды. Биздин колдо болгон маалыматка таянсак, Токтосунов мыйзамдагы ууру статусуна ээ болгон, бирок бул так эмес, анткени ал Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары аракеттенип жаткан",-деп түшүндүрдү Ногобаев.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...