Акыркы макалалар

Түштүктө чек арачылар мамлекеттик чек араны бузган КЭРнын 9 жаранын кармашты

Бишкек, 15-май /Кабар/. Ушул жылы 14-майда Ош чек ара отрядынын “Иркештам” тозотунун чек арчылары мамлекеттик чек араны бузган Кытай Эл Республикасынын 9 жаранын кармашты. Бул тууралуу КРнын мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

“Кармалган жарандарда өздүгүн тастыктаган документтери жок болгон. Мындан тышкары, алар мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай чек ара участкасына эмнеге киришкени тууралуу өздөрүнүн максатын айтып бере алышкан эмес.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалгандар Ош облусунун Алай райондук МУККнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”,-деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, ушул эле күнү КРнын МЧКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы жооптуу болгон Ат-Башы районунун “Чырмаш” жергесинде чек арачылар куралчан КРнын жаранын кармашкан.

“Кармалган жаран Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Карасуу айылынын тургуну экени белгилүү болгон жана андан ИЖ-18Е куралы табылып, ал тиешелүү органдар тарабынан каттоодон өтпөгөнү аныкталган”,-деди КР МЧКнын басма сөз кызматы.

Кармалган жаран тууралуу протокол түзүлгөндөн кийин чек араны бузуучу укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Түп нускага шилтеме : www.kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...