Акыркы макалалар

Парламент ЕАЭБге кирүү тууралуу документти 20-майга чейин карап чыгат

Кечээ, 14-майда болгон өкмөттүн жыйынында Экономика министри Олег Панкратов Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирүүсү боюнча документтерди ратификациялоо мөөнөтү жөнүндө айтты.

Эскерте кетсек, 8-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин биринчи саммитинде мамлекет башчылары Кыргызстандын альяска кирүүсү жөнүндө документке кол коюшкан.

Министрдин айтымында, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдиике кириши боюнча баардык документтер пакети парламенттин кароосуна 18-майда келип түшөт.

"Эки протокол, үч техникалык протокол ошондой эле баардык тиркемелер профилдик комитеттерде ыкчам каралат. 20-майда депутаттар КРдин ЕАЭБге киришин колдой турган пленардык жыйын белгиленди",-дейт министр.

Өкмөт башчысы Темир Сариев документтерди кабыл алууну тездетүүнүн маанилүү экенин белгилеп өттү. "ЕАЭБдин беш мамлекетинин ичинен биз келишим жана протоколдор тез арада ратификацияланышына кызыкдарбыз",-деди өкмөт башчысы.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...