Акыркы макалалар

Мэрия суткага берилген сойкуканалар менен "алышып алы келбей" жатат

Бишкек мэриясы азырынча шаардын ичинде жайнап кеткен, суткага берилген "борделдер" менен күрөшүүгө алсыз. Муну кечээ, 14-майда шаардык муниципалитеттин биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков "Востоке-5" кичи районундагы №19 үйгө рейд жасаган учурда билдирди. Бул жерде тогуз батир суткасына жана саатына "эс алууга" берилет.

Лоялдуу мыйзамдар

Белгилүү болгондой, мындай батирлердин ээлерине карата чара көрүү бүгүнкү күндө таптакыр мүмкүн эмес болууда. Ар биринин колунда Бишкектин Салык кызматынын башкармалыгы тарабынан берилген, батирге берүүгө уруксат берген патент бар. Бирок Турак-жай кодексинде "жарандар жашаган турак үйлөрдө мейманкана уюштурууга мүмкүн эмес",- деп так жазылып турат. Ушул жерден укуктук коллизия келип чыгууда. Бир жагынан алганда батирди ижарага берип жаткандар "ак ниет, таза иштеген" салык төгүүчү болсо, экинчи жагынан ал мыйзамды жана моралдык нормаларды бузуучу болуп калууда. Болгону элдин жек көрүүсүнөн тышкары азырынча эч кандай чара көрүүгө мүмкүн эместей.

Аталган үйдүн тургундары бир нече ирет бийликтин ар кандай түзүмдөрүнө арыз беришкен, бирок жооп ала алышкан эмес. Ошентсе да №19 үйдүн үй комитетинин башысы Насипа Насирова мойнуна алгандай, жагдай ал президенттин атына кат жөнөткөндөн кийин өзгөргөн. "Ошондо гана биздин ишти карап чыгуу тууралуу жооп келди. Мэриядан келишип, комиссия түзүп кичине болсо да бир аз жылыш байкалды. Мурда участкалык милиционер "сойкуканалардын" ээлери менен жакшы болчу, аны алып салышып, жаңы баланы шайлашты, ал таптакыр эле жаш экен, эч нерсе кыла албай калды",-дейт аял.

Бишкектин биринчи вице-мэри азырынча мыйзамдуу түрдө кадимки көп кабаттуу үйлөрдөгү суткага ижарага берген бул өңдөнгөн мейманкаларга патент берүүгө тыюу сала алышпасын мойнуна алды.

Суткага келген коноктор

Бүгүн рейд жүргүзүлгөн үй бул жерде эң эле эски курулган үй болуп эсептелет жана айлана тегеректеги жашоочуларга жеңил жүрүм турумдагы кыздарды чакырган үй катары белгилүү. Расмий бийлик суткага берилген мындай үйлөр бир нече жылдан бери иштеп жатканын тастыкташса, жергиликтүүлөр ондогон жылдардан бери эле ушундай экенин айтышты.

23 жаштагы Гүлмира Садырбаеванын батири суткага берилген притондордун бирине коңшулаш жайгашкан. Гүлмира Бишкек мэриясына буга окшогон ижарага берүү жайларын жабуу тууралуу баарынан көп кайрылган. "Мен бул жерде бала кезимден бери жашап келе жатам. Кичине кезимде терезенин нары жагынан чыккан ар кандай добуштарга түшүнбөй ары- бери өтчүбүз. Бала болчубуз да эч нерсени түшүнчү эмеспиз. Ачык эле айтайын, кичинекей балдар колдонулган презервативди шар кылып үйлөп ойночубуз. Албетте бул кандай ооруларды жугузарын билчү эмеспиз! Эми биздин балдар дагы ошондой күнгө туш келип, терезенин алдынан мындай буюмдарды таап алып жатышат. Санитария деген жок",-деп нааразы болду аял.

Анын батирде тынчтык жок. Мындай суткага берилген батирлерге мас абалында келип кыйкырып өкүрүп урушкандар, чатакташкандар, түн бир оокумда келип адашып, коңшулардын эшигин каккандар толтура экенин айтып Гүлмира нааразы болду.

"Мунун баары катардагы жаран катары менин укугумду бузуп жатан жокпу? Эмне үчүн башка эл тынч укташы керек, мен болсо күнү-түнү ар кандай үндөрдү угуп отурушум керек. Эмне үчүн биздин балдарыбыз дайым жеңил жүрүм турумдагы аялдарды көрүп жана бул норма деп чоңоюшу керек?,-дейт Садырбаева.

Аны үй комитетинин башчысы колдоду жана үйүн суткага берген кожоюндар өздөрүне ишенимдүү алып жүрүшөрүн, эч ким алардын укугун тебелей албайт деп эсептешерин айтты.

"Мисалы бир жолу түндө мындай батирдерин биринен чатак чыкты жана менин уулум милиция чакыртты. Үч кызматкер келди, ал эми батирде көп жигит бар экен. Милициялар келип эч нерсе кыла албай тургандыктарын, анткени бир сааттан соң нөөмөттөрүн алмаштырышаарын айтышты. Биз дагы бир саат күтүп, анан телефон чалдык, башка жаш милиция кызматкерлери келишти, бирок батирдегилер тынчып калгандыктан кетип калышты. Андан соң бул батирдин ээси менин уулумду "Сен милиция чакыргандай кимсиң? Мен сага көрсөтөм",-деп кыйкырып кирди",-дейт ал. .

Ал эми сутка бою батир берген үч батирдин ээси Марина үй комитетинин башчысына "жакпаса үйүңдү сатып кете бер",- деп кеңеш берген. Бирок притон ээлери үй комитетинин башчысына - улгайган аялга гана ушундай айбатын көрсөтүшөт экен. Муниципалдык кызматтар менен жүргүзүлгөн рейд маалында алардын бири дагы чыгып сүйлөшүүгө батылы жеткен жок.

"Биз эшикти такалап кире албайбыз, бул жеке менчик. Болгону каккылап көрүп, же тыкылдатып, эшиктин коңгуроосун баса алабыз, бирок эшикти ачышпайт. Кокус эшикти талкалап кирсек, биз балээге калабыз жана материалдык чыгымды төлөшүбүз керек болот",-деп алакан жайышты милиция кызматкерлери.

Рейд маалында бир гана батирге кирүүгө мүмкүн болду, анда отурган үч кыз конокко чакырышканын жана жакында Түркияга учуп кетишерин айтышты.

Фемида эмне дейт?

Балким бүгүн Бишкектеги бул жана башка ушундай үйлөрүндө жашагандар тынч дем алып калышар: анткени саат 14.30да Бишкектин райондор аралык сотунда жыйын болот, доо арызды мэрия берген. Эгер мэрия сотто жеңишке жете турган болсо, турак үйдү ижарага берүү жалпы турак-жайдын эрежелери боюнча ишке ашат.

"Башкача айтканда батир жалдагандар коомдук тартипти бузбайт, тургундарга тоскоол болбойт. Анан калса алар бизнес кылып турак жайды ижарага берип жатат жана коммуналдык төлөмдөрдү коомерциялык түзүм катары төлөшү керек",- дешти мэриянын чиновниктери.

Бул иш-чара менен катар мэрия Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын дарегине турак-жайлардагы мейманканалар үчүн патент берүүгө болбой турганы жөнүндө сунуштама катты жөнөттү.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...