Акыркы макалалар

Страйкбол – эр жүрөктүүлөрдүн спорту

Страйкбол – эр жүрөктүүлөрдүн спорту

Эгерде сиз аскердик – спорттук оюндардын кумири болсоңуз, анда страйкбол сизге сөзсүз жагат. Оюндун жүрүшүндө адамды толгон токой сезимдер курчап, адреналин жогорку денгээлде иштелип чыгат.

Буга чеийн шаар тургундары борбордун четинде ачык абада страйкбол ойноп келишсе, азыр жабык полигон менен да колдоно алышат. Бишкекте алгачкылардан болуп ачылган бул аянтча, шаардын көчөлөрүн эске салат. Түркүн толо жасалгалар менен курчалган бөлмө, ар бир адамды башка бир дүйнөгө жетелейт. Күнүмдүк шаар турмушун унутуп, азыркы күндө таанымал болгон контер –страйк оюнуна туш болосуз. Бирок монитордун сыртында эмес, оюндагы башкы каармандын ролун аткарасыз.

Бул спорттун түрү Кыргызстанда жаш болсо да, өз сүйүүчүлөрүн табууда. Анткени пейтболго караганда да, курал жарактары чындыкка жакын болгону менен белгилүү . Маселен мында ар кандай куралдардын моделдерин тапсаңыз болот. Алардын салмагы, техникалык мүнөздөмөлөрү, сырткы көрүнүшү оригиналынын дал өзү.

Дагы бир өзгөчөлүгү кийимде тактарды калтырбайт жана анчалык оор жаракат келтирбейт. Октору болсо пластиктен жасалып, өлчөмү 6 мм. ди түзөт.

Страйкболду джентельмендер оюну деп атасак да жарашчуудай. Анткени, адамга ок тийгенин далилдөө кыйын. Ар бир катышуучу көбүрөөк, өз абийрине таянып чечим чыгарат. Оюндун шарты боюнча ок тийер замат колду көтөрүп, оюндан чыгуусу керектелет.

Оюндун сценарийи ар бир команданын фантазиясына жараша түзүлөт. Мисалы, эки группага бөлүнүп алып, карама каршы чабуул жасалат. Страйкболдун жүрүшүндө бири-бирин туткунга да алууга болот. Анын ордуна ар кандай талаптарды коюп алмаштыра алышат.

Алгач инструктор куралды кантип туура кармоо, колдонуу, октоо, атуу керектигин түшүндүрүп берет. Коопсуздук эрежелери менен тааныштырат. Аянтчаны көрсөтүп, оюнду баштоого уруксат берет.

Спорттун бул түрүнө жашы жеткен өспүрүмдөрдөн баштап, андан жогорку жаштагы баардык шаар тургундары катыша алышат. Катышуучу оюндун жүрүшүндө, шамдагайлыгын, логикалык ой жүгүртүүсүн, курал жаракты колдо билүүсүн, команда менен иштөөсүн сынай алат.

Страйкболдун келип чыгуу тарыхына кайрылсак, Японияда пайда болот. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Япония бир гана аскердик күчүн жоготпостон, жана дагы автоматтык курал жарак колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн да ажыраган. Капитуляция эрежелерин кармануу шарт болгондуктан, япондуктар коргонуу күчүнүн тактикасын иштеп чыгуу үчүн оюнчук куралдарды ойлоп табышкан. Дүйнөдө “Airsoft” аты менен белгилүү бул спорт, АКШ жана Японияда жакшы өнүккөн.

Элвира Султанмурат кызы

Түп нускага шилтеме : koktom.journalist.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...